Анвар Анарбаев Кыргызстандын Вьетнамдагы элчиси болуп дайындалды
Президент Садыр Жапаров Анвар Анарбаевди Кыргызстандын Вьетнамдагы толук эмес ыйгарым укуктуу элчиси кылып дайындоо тууралуу жарлыкка кол койду. Дипломаттын резиденциясы Малайзиянын борбору Куала-Лумпурда кала бермекчи Анвар Анарбаев 43 жашта. Ал 2023-жылдын декабрынан бери Кыргызстандын Малайзияда

Президент Садыр Жапаров Анвар Анарбаевди Кыргызстандын Вьетнамдагы толук эмес ыйгарым укуктуу элчиси кылып дайындоо тууралуу жарлыкка кол койду. Дипломаттын резиденциясы Малайзиянын борбору Куала-Лумпурда кала бермекчи Анвар Анарбаев 43 жашта. Ал 2023-жылдын декабрынан бери Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси кызматын аркалап келет. Буга чейин Тышкы иштер министрлигинин тышкы саясатты талдоо жана пландаштыруу департаментинин директору кызматын аркалап келген Дипломатиялык кызматтагы эмгек жолун 2004-жылы ШКУнун улуттук координаторунун кеңсесинде баштаган. Бул жылдары Пекинде Шанхай Кызматташтык Уюмунун катчылыгында иштеген, Тышкы иштер министрлигинин адистештирилген аналитикалык бөлүмдөрүн жетектеген, ошондой эле Кыргызстандын АКШдагы жана Канададагы элчилигинин Вашингтондогу кеңешчиси болуп иштеген Кыргызстандагы негизги экономикалык жаңылыктарга көз салыңыз - Telegram жана WhatsApp тармактарындагы Economist.kg каналдарына жазылыңыз. Биз ошондой эле Facebook, Instagram, Threads жана X тармактарындабыз. Бизге кошулуңуз жана ар дайым эң маанилүү нерселерден кабардар болуңуз!


