Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Кыргызстандын Монополияга каршы кызматы: Жеке менчик мектептерде окуу акысы мамлекеттик жөнгө салууга жатпайт

Учурда социалдык тармактарда Жогорку Кеңеште парламенттик угууда жүрүп жаткан “Баа түзүү жөнүндө” мыйзам долбоору кабыл алынса, өлкөдөгү жеке менчик мектептерде окуунун баасы мамлекеттин көзөмөлүндө болот деген маалыматтар тарап жатат Кыргыз Республикасынын Экономика жана соода министрлигине караш

0 көрүүknews.kg
Кыргызстандын Монополияга каршы кызматы: Жеке менчик мектептерде окуу акысы мамлекеттик жөнгө салууга жатпайт
Paylaş:

Учурда социалдык тармактарда Жогорку Кеңеште парламенттик угууда жүрүп жаткан “Баа түзүү жөнүндө” мыйзам долбоору кабыл алынса, өлкөдөгү жеке менчик мектептерде окуунун баасы мамлекеттин көзөмөлүндө болот деген маалыматтар тарап жатат Кыргыз Республикасынын Экономика жана соода министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы расмий түрдө билдирет: Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык, билим берүү кызматтарынын наркы (жеке мектептерде билим берүү) мамлекет тарабынан жөнгө салынбайт Учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралып жаткан “Баа түзүү жөнүндө” мыйзам долбоору бааларды жана тарифтерди мамлекеттик жөнгө салуу механизмдерин өркүндөтүүгө, ошондой эле мамлекеттик органдардын баа түзүү жаатындагы ыйгарым укуктарын тактоого багытталган Кабыл алынган учурда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими жана Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинин макулдугу менен аларга карата убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилиши мүмкүн болгон товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеси аныкталат Бүгүнкү күндө жеке менчик мектептердин акы төлөнүүчү билим берүү кызматтарын монополияга каршы орган тарабынан мамлекеттик жөнгө салууга тийиш болгон социалдык маанилүү кызматтардын тизмесине киргизүү маселеси каралбай жатат Демек, мыйзам кабыл алынгандан кийин дароо эле “жеке менчик мектептерде билим берүүнүн баасы мамлекеттин көзөмөлүндө болот” деген сөздөр чындыкка дал келбейт

Kaynak: knews.kg

Diğer Haberler