Анна Данилина Ролан Гаррос турниринин финалына жолдомо алды
Казакстандык теннисчи Анна Данилина Франциянын ачык чемпионаты - "Ролан Гарростун" финалына жолдомо алды. Бул тууралуу Казакстандын теннис федерациясы билдирди Жарым финалда Данилина сербиялык Александра Крунич менен жупташып, жапониялык Шуко Аояма жана Лян Эн-Шо менен беттешти 1 саат 35 мүнөткө

Казакстандык теннисчи Анна Данилина Франциянын ачык чемпионаты - "Ролан Гарростун" финалына жолдомо алды. Бул тууралуу Казакстандын теннис федерациясы билдирди Жарым финалда Данилина сербиялык Александра Крунич менен жупташып, жапониялык Шуко Аояма жана Лян Эн-Шо менен беттешти 1 саат 35 мүнөткө созулган беттеште казак-сербиялык түгөйлөр ишенимдүү оюн көрсөтүп, эки сетте атаандаштарын 7:5, 6:2 эсебинде жеңип алышты Эми 7-июндагы чечүүчү беттеште Данилина менен Крунич "Чоң шлем" турниринин чемпиондук наамы үчүн таймашта негизги фаворит катары саналган чехиялык Катерина Синякова менен америкалык Тейлор Таунсенддин түгөйү менен беттешет Белгилей кетсек, Анна Данилинанын Ролан Гарростун финалына чыгышы казакстандык теннис үчүн маанилүү жетишкендик катары бааланат


