Анна Акопян тууралуу үрөй учурган маалымат тарады: Түркиядан келген имиш
Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен бир нече убакыт мурун ажырашып кеткен мурдагы биринчи айым Анна Акопян кайрадан күн тартибине чыкты. Армениянын айрым сайттарында жана социалдык тармактарында Анна Акопян жана ал жетектеген “Моя кадам” фонду тууралуу видеоматериалдар жарыяланганын Mode

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен бир нече убакыт мурун ажырашып кеткен мурдагы биринчи айым Анна Акопян кайрадан күн тартибине чыкты. Армениянын айрым сайттарында жана социалдык тармактарында Анна Акопян жана ал жетектеген “Моя кадам” фонду тууралуу видеоматериалдар жарыяланганын Modern.az кабарлады Видеолордун биринде түрк өкмөтү Анна Акопян аткаруучу директору болгон “Менин кадамым” фондуна миллиондогон долларларды которуп жатканы айтылган Башка видеодо Анна Акопян коррупциянын издери жана рейтингге терс таасирин тийгизгендиктен саясий процесстерден четтетилгени айтылат Ал эми үчүнчү видеодо Анна Акопян оорулуу балдарга арналган миллиондогон долларларды өзүнө ыйгарып алганы, ошондуктан “жасалма ажырашуу жолу менен” коомдук турмуштан жок болуп кеткени айтылат Анна Акопян жана "Мой кадам" фонду бул кабарды толугу менен жалган, негизсиз жана жалаа деп атады «Бул аңгемелердин авторлору бир максатты көздөп жатканы көрүнүп турат: алар эч кандай фактысыз, далилсиз жана негизсиз жалган маалымат таратышат, Анна Акопяндын аброюна шек келтирген жалгандарды ойлоп табышат «Менин кадамым» Фондунун каржылык ишмердүүлүгү Армениянын мыйзамдарынын талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат, ал эми кайрымдуулук жана программалар жөнүндө маалымат мыйзамга ылайык жарыяланып турат Сураныч, ишенимдүү булактардын расмий билдирүүлөрүнө гана таянып, мындай жалган жалааларды таратпаңыз”, - деп айтылат “Менин кадамым” фондунун билдирүүсүндө. Пашиняндын тарапкерлери социалдык тармактарда бул материалдар бийликтеги “Жарандардын келишими” партиясынын парламенттик шайлоодогу жеңишине көлөкө түшүрүү ниетинде экенин белгилешти. Пашиняндын жеңишин сиңире албагандар андан өч алууга аракет кылып жатышат. Премьер-министр Никол Пашиняндын парламенттик шайлоодогу жеңиши расмий болгондон кийин Анна Акопян социалдык тармакка кызыктуу билдирүү жасады. Сүрөтүн «Ираванын шарап күндөрү» деген ат менен жарыялаган А.Акопян социалдык тармактардын армян сегментинде кыска убакыттын ичинде кеңири талкууларды жаратты. Бул бөлүшүү Пашиняндын жеңишине кыйытма катары бааланды. Белгилей кетсек, Анна Акопян Пашиняндан кеткени менен парламенттик шайлоодо премьер-министрди колдоо кадамдарын жасаган. Үстүбүздөгү жылдын 27-февралында Акопян Пашиняндан бөлүнгөнүн жарыялаган. Ал өкмөттүк резиденциядан чыгып, ижарага алынган батирге көчүп кеткенин айтты. Ошол эле учурда ал “Мой кадам” фондунун аткаруучу директору бойдон калаарын жар салды. А. Горхмаз


