Шанлыурфада мектепке кол салууга байланыштуу 1 киши кармалды - ЖАҢЫЛЫК-3
Шанлыурфа губернаторлугу Сиверек районундагы мектепке кол салууга байланыштуу 1 кишинин кармалганын, райондук ички иштер бөлүмү менен райондук улуттук билим берүү башкармалыгынан 4 жетекчинин кызматтан алынганын жарыялады Бул тууралуу маалыматты «TRT Haber» басылмасы жазып чыкты «Ахмет Коюнжу кес

Шанлыурфа губернаторлугу Сиверек районундагы мектепке кол салууга байланыштуу 1 кишинин кармалганын, райондук ички иштер бөлүмү менен райондук улуттук билим берүү башкармалыгынан 4 жетекчинин кызматтан алынганын жарыялады Бул тууралуу маалыматты «TRT Haber» басылмасы жазып чыкты «Ахмет Коюнжу кесиптик жана техникалык Анадолу лицейинин мурдагы окуучусу О.К.нын куралдуу кол салуусунда жараланган 16 кишинин 7си ооруканадан чыгарылды»,-деп айтылат маалыматта Белгиленгендей, окуяны тактоо максатында Сиверек Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн соттук-иликтөө иштеринин алкагында 1 шектүү кармалган: соттук териштирүү комплекстүү жана көп кырдуу уланууда Түркияда орто мектепте болгон куралдуу кол салуудан 16 киши жараат алган окуя боюнча полиция кеңири масштабдуу иликтөө баштады Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлиги маалымат таратты, деп билдирет «Репорт» Окуяга байланыштуу күч органдары тарабынан масштабдуу иликтөө иштери башталганы, чоо-жайы коомчулукка билдирилери белгиленди Түркияда орто мектепке куралдуу кол салуу болуп, 16 киши жаракат алды Бул тууралуу НТВ телеканалы маалымдаганын «Репорт» билдирди Маалым болгондой, 2007-жылы туулган мектеп окуучусу өз жанын кыйган Шанлыурфанын губернатору Хасан Шылдактын айтымында, жаракат алгандардын 4ү мугалим, 10у студент, бирөө полиция кызматкери, бирөө мектеп ашканасынын кызматкери Бул тууралуу НТВ телеканалы маалымдаганын «Репорт» билдирди Окуя өлкөнүн Шанлыурфа облусунун Сиверек районунда болгондугу белгиленди. Алдын ала маалымат боюнча, мектепке бир адамдын мылтык менен кирип ок чыгарганынын кесепетинен 7 адам жабыркаган Кол салган адам дагы студент экени жана студенттердин бир бөлүгүн барымтага алганы айтылууда Окуяга көп сандаган медициналык тез жардам бригадалары жана полициянын атайын күчтөрү тартылган Аларды колдонууда сайттагы материалдарга кайрылуу маанилүү. Веб-баракчаларда маалымат колдонулганда, гипершилтеме менен шилтеме милдеттүү болуп саналат


