Андрей Бабиш Илхам Алиевди Чехияга чакырды
Чехиянын премьер-министри Андрей Бабиш Азербайжандын президенти Илхам Алиевди Чехияга расмий сапар менен келүүгө чакырды Бул тууралуу Бабиш "Фейсбукка" жазганын "Репорт" жазып чыкты «Мен өлкөлөрүбүздүн ортосундагы мамилелерди мындан ары да өнүктүрүүгө ниеттенип жатам жана президент Илхам Алиевди

Чехиянын премьер-министри Андрей Бабиш Азербайжандын президенти Илхам Алиевди Чехияга расмий сапар менен келүүгө чакырды Бул тууралуу Бабиш "Фейсбукка" жазганын "Репорт" жазып чыкты «Мен өлкөлөрүбүздүн ортосундагы мамилелерди мындан ары да өнүктүрүүгө ниеттенип жатам жана президент Илхам Алиевди жубайы менен Чехияга сапарга чакырганыма кубанычтамын», - деп жазган ал Бабиш январь айында Давосто өткөрүлгөн Дүйнөлүк Экономикалык Форумда президент Илхам Алиевге Европа Биримдиги (ЕБ) тышындагы биринчи сапарынын Азербайжанга болорун убада кылганын белгилеп, бул убадасын аткара алганынан ыраазычылыгын билдирди "Достук жана эң негизгиси абдан конкреттүү сүйлөшүүлөр үчүн рахмат. Биздин өлкөлөрдүн ортосунда бекем мамилелер жана соода кызматташуусу үчүн чоң потенциал бар", - деп баса белгиледи ал Премьер-министрдин айтымында, тараптар газ менен камсыздоо боюнча узак мөөнөттүү келишим түзүүгө кызыкдар экендигин баса белгилеп, башка тармактарда кызматташууну кеңейтүүгө даяр экендиктерин билдиришти. Ал сүйлөшүүлөргө «ČEZ» (Чехиядагы эң ири энергетикалык компания) өкүлдөрү катышып жатканын белгилеп, бул процесс ийгиликтүү аяктаарына ишенимин билдирди Ал ошондой эле президент Илхам Алиев өкмөттөр аралык экономикалык комиссия түзүү демилгесин көтөргөнүн, ал энергетикалык жана өнөр жайлык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө басым жасаганын баса белгиледи. Аны чех тараптан өнөр жай жана соода министри Карел Хавличек, азербайжан тараптан экономика министри Микайил Жаббаров жетектейт Мындан тышкары, тараптар бир катар конкреттүү долбоорлорду, анын ичинде Карловы Вары аэропортун өнүктүрүүнү, ошондой эле чехиялык компаниялар менен кызматташууну талкуулашты. Бабиш кошумчалагандай, чехиялык коргонуу ишканалары азыртадан эле Азербайжан үчүн маанилүү жеткирүүчү болуп саналат Аларды колдонууда сайттагы материалдарга кайрылуу маанилүү. Веб-баракчаларда маалымат колдонулганда, гипершилтеме менен шилтеме милдеттүү болуп саналат

