Бирок сакуралар дагы эле гүлдөп жатат
Фудзинин кызгылт кыялы: Сакуранын изи менен Японияны көргөн жокмун. Бирок, мен бул өлкөнүн тарыхы, адабияты, маданияты жөнүндө ушунчалык көп окугандыктан, кээ бирөөлөр мени “жапон окумуштуусу” деп ойлошкон. Атабыздын үйүндө Япония тууралуу көптөгөн китептер бар болчу. Кийинчерээк түшүндүм, “Күн туу

Фудзинин кызгылт кыялы: Сакуранын изи менен Японияны көргөн жокмун. Бирок, мен бул өлкөнүн тарыхы, адабияты, маданияты жөнүндө ушунчалык көп окугандыктан, кээ бирөөлөр мени “жапон окумуштуусу” деп ойлошкон. Атабыздын үйүндө Япония тууралуу көптөгөн китептер бар болчу. Кийинчерээк түшүндүм, “Күн туулган жерди” сүйүп калуу үчүн бир эле китепти – Всеволод Овчинниковдун Сакура бутагын окуу жетиштүү Ошол китепти окугандан бери сакуранын гүлдөп турганын – ошол сулуулукту тирүү көргүм келет. Жаз бир таң менен акырын келип, жердеги бак-дарактардын баарына «убакыт келди» деп шыбырап жаткандай. Жана ошол учурда дүйнө капысынан кызгылт түскө айланат. Жаратылыш өзүнүн эң жарашыктуу ырын жаза баштайт Сакура, жапон алчасы, дарактан да көп, ал мезгилдин деми. Анын гүл жалбырактары ушунчалык назик болгондуктан, шамал соккондо кызгылт кар жаап жаткандай көрүнөт. Бактын түбүндө турган адам өйдө караса, асманды эмес, гүлдөрдүн асманын көрөт Алыста, булуттардан тынч жана улуу тоо көтөрүлөт: Фудзияма. Жапондор "Фудзи-сан" деп атаган ошол тоо алар үчүн сабырдуулуктун, туруктуулуктун жана бар болуунун символу. Анын чокусу көбүнчө кар менен жабылат; булуттан жаралгандай туюлат. Кызгылт сакура деңизи менен ак кар чокусунун бул жолугушуусу, балким, табият жараткан эң кооз контраст болуп саналат Жапон маданиятында сакура жөн гана сулуулук эмес, жашоонун өткөөлдүгүнүн символу. Гүлдөр өтө аз жашашат: бир нече күн, кээде бир жума, анан акырын жерге түшөт. Япондор бул учурду терең жашашат. Бул Ханами - "гүлдөрдү кароо" деп аталат. Үй-бүлөлөр жана достор сакура дарактарынын түбүндө отуруп, чай ичип, бул сулуулукту көрүшөт. Алар гүлдөр бат соолуй турганын билишет; бирок ошол учун бул учур кымбат Желекчелердин шамалда бийлеп, жерге түшкөнүн көрүү, чынында, жашоонун түбөлүктүүлүгүн кабыл алуу жана ал сулуулуктун ар бир секундунан ырахат алуу. Жапон эстетикасынын эң терең ачылышы, балким, бул: сулуулук сулуу, анткени ал түбөлүктүү эмес Фудзи тескерисинче. Сакура – тез өтөт, Фудзияма – миңдеген жылдардын көркү. Биринде замандын керкемдүүлүгү, экинчисинде анын улуулугу. Бул эки образ биригип жапон духун жаратат: тез өтүүчү сулуулук жана түбөлүк улуулук Улуу хайку чебери Мацуо Башо өзүнүн ырларынын биринде "гүлдөр түшкөндө жаздын жүрөгү жерге төгүлгөндөй болот" деп айткан. Бул жөнөкөй, бирок терең сезим япон поэзиясынын рухун алып жүрөт Башо сакура дарагын өткөн менен келечектин ортосундагы көпүрө катары көргөн: «Мен бул сакураларды канча эскердим...» Бул саптар сакуранын сыйкырын эң сонун чагылдырат. Сакура жыл сайын ушундай гүлдөсө да, ар бир жаз өткөн күндөрдү, биз жоготкон жана алган сезимдерди эске салат Кобаяши Исса сакуранын сулуулугуна суктануусун билдирди: “Дүйнө тозок, бирок сакура дагы эле гүлдөп турат...” кызгылт кар жаап жатат Адам ар дайым түбөлүктүүнүн жанында өлүмдүн баркын түшүнүүгө аракет кылат. Жапондор миңдеген жылдар бою ушундай жашап келишет: чай салтанаттарындагы көңүл буруунун, поэзиясындагы философиялык тереңдиктин жана табиятка болгон сый-урматтын түбүндө дал ушул тең салмактуулук турат. Сакура гүлдөгөндө, бүткүл Япония дем алып, баары бир саамга токтоп, жашоонун канчалык баалуу экенин эстешет Ошол учурду сезүү, ошол шамал алып келген кызгылт гүл жалбырактарынан Фудзи тоосун кароо – бул адамдын ички дүйнөсү менен жарашуу, ааламдын бир бөлүгү экенин сезүү Мен бир нерсеге ишенем: эгерде мен ал жерде болсом, жапондуктар сыяктуу бүтүндөй жан дүйнөм менен сакура философиясын сезем "Моно но аваре". "Mono no avare" - бул нерселердин жана көз ирмемдердин өтмөлүгүнөн жаралган назик кайгы жана таң калуу сезими. Сакуранын гүлдөшү адамдын жан дүйнөсүн күзгүдөй кармап турат: гүл канчалык кооз болсо, ошончолук эрте соолуйт. Бирок бул өчүү аны баалуураак кылат. Ошондуктан Япониядагы сакура сезону майрам эмес, медитация


