Шамил Айрим: Зангезур коридорунун ачылышы аймактын бардык өлкөлөрүнө экономикалык пайда алып келет
«Орто коридор» долбоорунда Азербайжан Азия менен Европаны бириктирген стратегиялык көпүрө ролун ойнойт жана дүйнөлүк соода жолдорунун эң маанилүү звенолорунун бири катары каралат. Түркия бул жолдун дагы бир негизги звеносу. Анткени Азербайжан Түркиянын түрк дүйнөсүнө дарбазасы. Бул жагынан алганда О

«Орто коридор» долбоорунда Азербайжан Азия менен Европаны бириктирген стратегиялык көпүрө ролун ойнойт жана дүйнөлүк соода жолдорунун эң маанилүү звенолорунун бири катары каралат. Түркия бул жолдун дагы бир негизги звеносу. Анткени Азербайжан Түркиянын түрк дүйнөсүнө дарбазасы. Бул жагынан алганда Ортоңку коридордун, өзгөчө Зангезур коридорунун ишке ашырылышы Кытай менен Европанын ортосундагы жүк ташуулардын кыска мөөнөттө, коопсуз жана эффективдүү ишке ашуусуна шарт түзөт Бул тууралуу Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын депутаты, Азербайжан-Түркия парламенттер аралык достук тобунун төрагасы Шамил Айрым AZERTAc агенттигине берген маалыматында билдирди Ал Түркиянын бүгүнкү күндө терроризм коркунучун чоң өлчөмдө жок кылганын, туруктуу жана коопсуз өлкө экенин айтты. Ошол сыяктуу Азербайжан да коопсуздукту камсыздаган, стратегиялык максаттарын так аныктаган, келечекке ишеним менен караган мамлекет. Ошондуктан бул маанилүү транспорттук линиянын Түркия менен Азербайжандын аймагы аркылуу өтүшү өзгөчө мааниге ээ. Бул долбоорду региондогу мамлекеттер гана эмес, дүйнөнүн алдыңкы державалары да колдоого алууда. Кытай да Ортоңку коридорду өнүктүрүүгө кызыкдар тараптардын бири. Бирок, биз үчүн эң маанилүү маселелердин бири – Зангезур коридорунун ачылышы Бул коридордун ишке кириши бир гана Азербайжан менен Түркияга эмес, Кытайдан Европага каттамда жайгашкан бардык өлкөлөргө экономикалык пайда алып келет "Дагы бир маанилүү багыттардын бири - Азербайжан менен Түркиянын ортосундагы энергетика тармагындагы кызматташтыктын ылдам өнүгүүсү. Буга чейин Азербайжандын мунай жана жаратылыш газы Түркия аркылуу дүйнөлүк рынокко жеткирилип келген. Эми Азербайжандын күн, шамал жана ГЭСтерде өндүргөн жашыл энергиясын Түркия аркылуу Европа базарларына жеткирүү пландалууда Бул долбоорлор Азербайжандын да, Түркиянын да экономикасына маанилүү салым кошуп, жаңы жумуш орундарын түзүп, ишкерлерге жана жаштарга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат деп ишенебиз»,-деди Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын депутаты Ш.Айрым белгилегендей, бүгүнкү күндө Түркия да, Азербайжан да аймакта туруктуулукту камсыз кылууга багытталган саясатты ишке ашырган маанилүү эки мамлекет. "Азербайжан өзүнүн күчү, саясий эрки жана жетишкендиктери менен чоң ийгиликтерге жетишти. Карабак жеңишин алган Азербайжан мунун эң жаркын мисалы болуп саналат. Башкы колбашчы Илхам Алиевдин жетекчилигинде 44 күндүн ичинде жетишилген тарыхый жеңиш дүйнөлүк аскердик тарыхта сейрек кездешүүчү окуялардын бири катары бааланат", - деп кошумчалады ал 2026 © AZERTAC. Автордук укук корголгон. Маалыматты колдонуу гипершилтеме менен көрсөтүлүшү керек
Diğer Haberler

Улуу Британияда 2027-жылдан тарта 16 жашка чейинки балдарга социалдык тармактарды колдонууга тыюу салынат - Vlast аналитикалык онлайн журналы

Kırgızistan, BDT'de protezlerin 3 boyutlu baskısını başlatan ilk ülke oldu: Artık Akçabar'da aylarca beklemeye gerek yok
