Америка Кубага берешен болот
Америкалык Vanguard Energy (Флорида) соода компаниясы Кубага 250 миң баррель бензин жана дизелдик отун жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат, бул арал үчүн 1960-жылдан бери америкалык күйүүчү майдын эң ири партиясы болуп калышы мүмкүн. Бул тууралуу Bloomberg билдирди Компания 100 миң баррел

Америкалык Vanguard Energy (Флорида) соода компаниясы Кубага 250 миң баррель бензин жана дизелдик отун жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат, бул арал үчүн 1960-жылдан бери америкалык күйүүчү майдын эң ири партиясы болуп калышы мүмкүн. Бул тууралуу Bloomberg билдирди Компания 100 миң баррель бензин жана 150 миң баррель дизель майын берүүнү пландаштырууда. АКШ өкмөтү бензиндин бул көлөмү Кубанын типтүү суроо-талабын дээрлик 11 күн камсыз кылат деп эсептейт Vanguard буга чейин Кубага аз көлөмдө күйүүчү май жөнөткөн жана эми чоң көлөмдөгү күйүүчү майларды таратуу үчүн аралда цистерналарды ижарага алды. Компаниянын президенти Мэттью Клунн күйүүчү май мамлекеттик мекемелер үчүн эмес, жеке сектор үчүн гана арналганын айтты Жеткирүү АКШнын Соода министрлиги февраль айында чектөөлөрдү жеңилдетип, америкалык күйүүчү майды жеке кубалык компанияларга сатууга уруксат бергенден кийин мүмкүн болгон


