Америка Гренландияны унутпайт
АКШ акыркы айларда Дания менен Гренландияда үч жаңы аскерий база ачууну талкуулап жатат. Бул тууралуу Би-Би-Си сүйлөшүүлөргө жакын аткаминерлер менен дипломаттарга шилтеме берүү менен билдирди. Январдын ортосунан бери тараптар кеминде беш жолу жолугушкан Сүйлөшүүлөргө Кошмо Штаттардын атынан Мамлек

АКШ акыркы айларда Дания менен Гренландияда үч жаңы аскерий база ачууну талкуулап жатат. Бул тууралуу Би-Би-Си сүйлөшүүлөргө жакын аткаминерлер менен дипломаттарга шилтеме берүү менен билдирди. Январдын ортосунан бери тараптар кеминде беш жолу жолугушкан Сүйлөшүүлөргө Кошмо Штаттардын атынан Мамлекеттик департаменттин кеңешчиси Майкл Нидхэм катышууда. Ак үй Дания менен жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдүн фактысын тастыктады, бирок “процесс туура багытта баратканын” жана администрация бул процесске оптимисттик көз карашта экенин гана белгилеп, чоо-жайын берүүдөн баш тартты. Даниянын Тышкы иштер министрлиги да сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын ырастап, маалымат берүүдөн баш тартты Би-Би-Си булактарынын айтымында, жаңы базалар аралдын түштүгүндө жайгашаары күтүлүүдө. Алардын милдети Түндүк Атлантикадагы орус жана кытай флотунун потенциалдуу активдүүлүгүнө мониторинг жүргүзүүнү камтыйт. Би-Би-Си булактары тараптардын ортосунда акыркы макулдашууга жетише электигин жана түзүлүшү күтүлүп жаткан базалардын саны өзгөрүшү мүмкүн экенин белгилешти


