Окумуштуулар тоо токойлорун зыянкечтердин жок кылышына тынчсызданышууда
Алматынын табиги калканшысы саналган Иле Алатауынын ормандары коркынышта. Окумуштуулардын айтымында, акыркы бир нече жылда зыянкечтердин көбөйүшүнөн жүздөгөн гектар карагайлар жабыркады. Жаратылышты сүйүүчүлөр, токойчулар бул маселени бир нече жылдан бери көтөрүп келишет. Бирок азырынча акыркы чечим

Алматынын табиги калканшысы саналган Иле Алатауынын ормандары коркынышта. Окумуштуулардын айтымында, акыркы бир нече жылда зыянкечтердин көбөйүшүнөн жүздөгөн гектар карагайлар жабыркады. Жаратылышты сүйүүчүлөр, токойчулар бул маселени бир нече жылдан бери көтөрүп келишет. Бирок азырынча акыркы чечим табыла элек. Кырдаал көзөмөлгө алынбаса, тоолуу токойлордун олуттуу бөлүгүн жоготуу коркунучу бар экенин адистер эскертет Бир караганда Иле Алатауунун токойлору кадимкидей көрүнөт. Анткен менен адистер бак-дарактардын коркунучу жалаң өрттөн эмес, көзгө көрүнбөгөн зыянкечтерден да экенин айтышууда. Кээ бир курт-кумурскалар дарактын кабыгына кирип, анын ички түзүлүшүн бузушат. Натыйжада, дарак алсырап, акыры өлүп калышы мүмкүн Окумуштуулардын айтымында, акыркы үч жылда Иле Алатауунда 60-70 жаштагы карагайлар көп кырылып жатат. Мунун негизги себеби токой зыянкечтеринин массалык түрдө таралышы. Алардын таралышы жыл сайын кебейууде Нуржан Мухамадиев, Ж. Жиембаев атындагы Казак ес!мд!ктер мен карантин гылыми-зерттеу институтынын бел!м бастыгы: Адистердин айтымында, зыянкечтердин бир бөлүгү бак-дарактарды жеп, аларга зыян келтирсе, азыр кээ бирлери топурактын астында жатат. Ошондуктан аларга каршы күрөштү улантуу керек. Иле-Алатау мамлекеттик улуттук жаратылыш паркынын аймагында 73 миң гектардан ашык токой бар. Инспекторлор буга чейин зыянкечтерге каршы күрөшүү үчүн кол менен дары чачып көрүшкөн. Бирок бийиктиги 25 метрге жеткен карагайлар үчүн бул ыкма эффективдүү болгон эмес Райхан Мухамеджанова, «Иле-Алатауы мамлекеттик улуттук жаратылыш паркы» РММ башкармалыгынын башчысы: Парк кызматкерлери бир нече жылдан бери жооптуу органдарга кат жолдоп, маселени көтөрүп келишет. «Биз көйгөйдү билебиз», - дешет алар Данабек Мейрамбекулы, Казакстан Республикасынын Экология жана жаратылыш ресурстары министрлигинин комитетинин башкы эксперти: Бирок адистердин айтымында, бул дарылоо иштери негизинен жалбырактуу бактарды камтыган. Бирок карагайларды коргоо чаралары жетишсиз. Ошондуктан, алар зыянкечтерге өз убагында каршы чара көрүлбөсө, алардын кесепети бүтүндөй токой аянттарына коркунуч туудурушу мүмкүн деп кооптонушат Куан Нуракын, Ерболат Алибек, КУА, Алматы


