"Алтай" шаарчасынын курулушу кандай жүрүп жатат? Министр текшерди
Бишкек, 08.06.26. /Кабар/. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Бишкекте курулуп жаткан "Алтай" шаарчасынын курулуш иштери менен таанышты Ведомстводон маалымдашкандай, анда министрге долбоордун учурдагы аткарылышы, инженердик даярдоо иштери жана курулуштун

Бишкек, 08.06.26. /Кабар/. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Бишкекте курулуп жаткан "Алтай" шаарчасынын курулуш иштери менен таанышты Ведомстводон маалымдашкандай, анда министрге долбоордун учурдагы аткарылышы, инженердик даярдоо иштери жана курулуштун этаптары боюнча маалымат берилди Орунтаев курулуш иштеринин сапатын жана графигин күн сайын көзөмөлдөөнү тапшырды. Ошондой эле ар бир участок боюнча үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүлүп, өз убагында отчет берилип турушу керектигин белгиледи Мындан тышкары, ал жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында батирлерди сатууну курулушу башталып активдүү жүрүп жаткан блоктордо гана жүргүзүү талабын койду Бүгүнкү күндө шаарчанын 600гө жакын блогунда дренаждык системаларды куруу иштери аяктап, пайдубалдарды бекемдөө үчүн арматураларды токуу жана даярдоо иштери жүргүзүлүүдө Белгилей кетсек, "Алтай" шаарчасы – 234 гектар аянтты ээлеген турак жай жана социалдык инфраструктураны камтыган ири масштабдагы долбоор. Долбоордун алкагында жалпы 1551 беш кабаттуу көп батирлүү турак үй куруу пландалган. Жалпысынан ар түрдүү планда 34 миң батир каралып, курулуштун жалпы аянты 1 млн 7 миң чарчы метрден ашат Долбоорго ылайык, шаарчанын аймагында мектеп, бала бакча, поликлиника, оорукана, реабилитациялык борборлор, милициянын аймактык бөлүмдөрү жана өрт-куткаруу кызматтарынын борборлору жайгаштырылат


