Алматыдагы кырсык: Күбөлөр суралды
Алматынын Аль-Фараби проспектисинде үч адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы боюнча соттук отурум уланууда. Бүгүн күбөлөр суракка алынды. Алардын бири процесске онлайн катыша албагандыктан, сот кийинки отурумга түз келүүнү буйруду. Ошондой эле, трагедияга чейин айыпталуучу менен ресторанда болгон күбө су

Алматынын Аль-Фараби проспектисинде үч адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы боюнча соттук отурум уланууда. Бүгүн күбөлөр суракка алынды. Алардын бири процесске онлайн катыша албагандыктан, сот кийинки отурумга түз келүүнү буйруду. Ошондой эле, трагедияга чейин айыпталуучу менен ресторанда болгон күбө суракка алынды. Анын айтымында, алар бир нече адам болуп таанышкан. Күбө алкоголдук ичимдиктерге буйрутма берилгенин айтканы менен, иштин материалдарындагы текшерүү анын сатылып алынганын көрсөтүп турат. Эске сала кетсек, соттук териштирүүдө айыпталуучу күнөөсүн толугу менен мойнуна алган. Иш жол эрежесин бузуудан эки же андан көп адамдын өлүмүнө алып келген беренеси боюнча каралып жатат


