Германиянын БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланбай калышы талкууга түштү
Германиянын Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайлана албай калышы өлкөдө карама-каршылыктарды жаратты Немис басма сөзүндөгү кабарлар жана комментарийлер көп учурда бул ийгиликсиздиктин себептерине өкмөттүн дипломатиялык ишмердүүлүгү, ошондой эле Берлинди

Германиянын Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайлана албай калышы өлкөдө карама-каршылыктарды жаратты Немис басма сөзүндөгү кабарлар жана комментарийлер көп учурда бул ийгиликсиздиктин себептерине өкмөттүн дипломатиялык ишмердүүлүгү, ошондой эле Берлиндин Израил жана Газа саясаты таасир эткен болушу мүмкүн деген баалоолорду камтыды Айрым маалымат каражаттары бул жыйынтыкты Германиянын тышкы саясаты үчүн олуттуу артта калуу катары баалашса, өкмөт шайлоо өнөктүгүн жетиштүү деңгээлде эффективдүү жүргүзө албайт деген пикирлер айтылды Германиянын БУУдагы мурдагы туруктуу өкүлү Кристоф Хойсген Welt гезитине берген билдирүүсүндө өлкөсүнүн Израилге карата мамилеси шайлоонун жыйынтыгына таасир эткен болушу мүмкүн экенин айтты Көптөгөн өлкөнүн Берлиндин Газага кол салууларга карата мамилесин сын көз менен баалаганына көңүл бурган Хойсген, Германиянын эл аралык укукка карата мамилесинин кээ бир өлкөлөр тарабынан карама-каршылык катары бааланганын белгиледи Хойсген коомдук телекөрсөтүү ZDFге берген баалоосунда Германиянын Орусия-Украина согушуна байланыштуу эл аралык укукка басым жасашынын Израиль-Газа маселесинде бирдей деңгээлде көрүлбөгөнү сындын БУУнун кээ бир мүчөлөрүнө таасир эткен болушу мүмкүн экенин белгиледи Эл аралык укукту салыштырып көрсөк таң калбашыбыз керек», - деди ал. Хойсген бул абалдын Германиянын эл аралык аренадагы ишенимдүүлүгү тууралуу талкууларды пайда кылганына көңүл бурду Welt жана Stern гезиттериндеги кабарларда Германиянын Газага карата мамилеси жана шайлоо кампаниясынын кеч башталышы ийгиликсиздикте таасирдүү болгон деген бааларга да орун берди Бул кабарларда «Газа согушуна» карата эл аралык сындар, Берлиндин Израилдин Иранга кол салууларына карата мамилеси жана кээ бир тышкы саясат темасында Германиянын АКШга жакын позициясынын ар кайсы өлкөлөрдө ыңгайсыздык жараткандыгы тууралуу пикирлер ортого салынды «Тагесшпигель» газетасында жарыяланган комментарияда мунун натыйжасы Германиянын тышкы саясатындагы карама-каршылыктарын чагыл-дырат деп айтылган. Макалада Германиянын тышкы саясатта так жана ырааттуу багыт көрсөтө албаганына байланыштуу сындардын кээ бир өлкөлөрдүн добуш берүү артыкчылыктарына таасир эткени баса белгиленди Шайлоонун жыйынтыгы Берлинде таң калтырды Консервативдик чөйрөлөрдө жасалган баалоодо натыйжа көбүнчө шайлоо өнөктүгүнүн талаптагыдай аткарылбагандыгы, премьер-министр Фридрих Мерц БУУнун Башкы ассамблеясынын ишине жетишерлик саясий маани бербегендиги жана дипломатиялык даярдыктын жетишсиздиги менен байланыштырылды Дипломатиялык чөйрөлөрдө жасалган кээ бир баалоолордо Германиянын «Газа согушу» учурунда Израилге берген колдоосу өзгөчө Африка, Араб өлкөлөрү жана Глобалдык Түштүк деп аталган өлкөлөрдө добуштардын жоголушуна алып келген болушу мүмкүн экени айтылды Bild гезити жыйынтыкты федералдык өкмөт үчүн олуттуу ийгиликсиздик катары баалаганда, Deutsche Welle шайлоо жыйынтыгы Берлинде күтүүсүз болгонун жана өкмөт үчүн маанилүү тышкы саясат сыноосу катары көрүлгөнүн белгиледи Deutsche Welle кабарында Германиянын БУУнун Коопсуздук Кеңешине шайлоодо биринчи жолу ийгиликке жетпегени жана бул жыйынтыктын премьер-министр Мерц менен тышкы иштер министри Иоган Вадефул үчүн маанилүү тышкы саясатта артка кетүү катары бааланганы белгиленди


