Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Бишкекте 50дөн ашык компаниянын катышуусунда “Ала-Тоо” соода жана өнөр жай ЭКСПОсу өтөт

Кыргызстандын ШКУга төрагалыгынын алкагында 4-6-июнь аралыгында Бишкекте “Ala-Too Trade and Industry Expo 2026” өнөр жай жана соода эл аралык көргөзмөсү өтө турганын Экономика жана соода министрлиги билдирди Иш-чараны борбор калаадагы “Жаштык Арена” комплекси өткөрөт. Форум ШКУга мүчө өлкөлөрдүн э

0 көрүүeconomist.kg
Бишкекте 50дөн ашык компаниянын катышуусунда “Ала-Тоо” соода жана өнөр жай ЭКСПОсу өтөт
Paylaş:

Кыргызстандын ШКУга төрагалыгынын алкагында 4-6-июнь аралыгында Бишкекте “Ala-Too Trade and Industry Expo 2026” өнөр жай жана соода эл аралык көргөзмөсү өтө турганын Экономика жана соода министрлиги билдирди Иш-чараны борбор калаадагы “Жаштык Арена” комплекси өткөрөт. Форум ШКУга мүчө өлкөлөрдүн экономика министрлеринин жыйынынын расмий программасынын бир бөлүгү болуп, Кыргызстан, Кытай, Россия, Беларусь, Өзбекстан жана Тажикстандын 50дөн ашык өндүрүш ишканаларын бириктирет Көргөзмө түз сүйлөшүүлөр жана өнөктөштөрдү издөө үчүн эл аралык B2B жана B2G платформасы катары кызмат кылат. Долбоорду ишке ашыруу аймак өлкөлөрүнүн ортосундагы терең өнөр жай кооперациясын өнүктүрүүгө жана ата мекендик өндүрүшкө инвестиция тартууга багытталган. Экономикалык байланыштарды чыңдоо Кыргызстандын ишканаларына жаңы рынокторго чыгууга жана дүйнөлүк коомчулукка өздөрүнүн экспорттук потенциалын көрсөтүүгө мүмкүндүк берет

Kaynak: economist.kg

Diğer Haberler