Акыйкатчы Анкарада кармалган кыргызстандык жаран боюнча Түркиянын Омбудсменине кайрылды
Кыргызстандын акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева Түркиянын Башкы Омбудсмени Мехмет Акаржага Анкара шаарында кармалган кыргыз жараны Эрмек Сабыржанов боюнча кат жолдоду.Акыйкатчынын басма сөз кызматынын маалыматында, кайрылууда Жаманбаева кесиптеши Акаржадан кыргыз жаранынын укуктарын жана мыйзамдуу кызык

Кыргызстандын акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева Түркиянын Башкы Омбудсмени Мехмет Акаржага Анкара шаарында кармалган кыргыз жараны Эрмек Сабыржанов боюнча кат жолдоду.Акыйкатчынын басма сөз кызматынын маалыматында, кайрылууда Жаманбаева кесиптеши Акаржадан кыргыз жаранынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого көмөктөшүүнү өтүнгөн.“Кармалган жарандын жакындары бүгүнкү күнгө чейин кармоонун негиздери жана жагдайлары боюнча маалымат ала албай, кабатыр болуп жатышат. Адвокат аркылуу жолугушуу уюштуруудан дагы жыйынтык чыккан эмес”, - деп кайрылды акыйкатчы.Жамиля Жаманбаева мындан тышкары Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине (ТИМ) Эрмек Сабыржановдун жакындарына консулдук-укуктук жардам керектигин белгилеген кат жолдоду.ТИМ мурдараак бул окуя Кыргызстандын Түркиядагы чет өлкөлүк мекемелеринин көзөмөлүндө экенин жана Эрмек Сабыржановдун туугандары менен байланышып жатканын кабарлаган. Ага ылайык, Түркиядагы элчилик кыргыз жарандын кармалышынын жагдайларын жана себептерин тактоо үчүн Түркиянын компетенттүү органдары менен иш алып барууда.Эрмек Сабыржанов диниятчы Фетхулла Гүлендин “Хизмет” (Түркия “Фетхуллачы террордук уюм” деп жарыялаган) кыймылына байланышы бар деген шек менен кармалганы 4-июнда белгилүү болгон.34 жаштагы Эрмек Сабыржанов Түркиянын Анкара шаарында 22-майда кармалып, суракка алынган, 23-майда камалган. Ал Бишкек – Анкара – Түндүк Кипр аба каттамы аркылуу жубайы жана үч баласы менен кетип баратканда Анкара шаарындагы “Эсенбога” эл аралык аэропортунан укук коргоо кызматкерлери кармаган. Жубайы Аделина Касымова “Азаттыкка” алар үй-бүлөсү менен Түндүк Кипрге эс алганы баратканын билдирген Баштапкы маалымат боюнча, Түркиянын укук коргоо органдары ага ФЕТО (“Фетхуллачы террордук уюм”) уюмуна байланыштуу айып тагып жатат Эрмек Сабыржанов 2014-жылдары Түркиянын Измир шаарында билим алган 2025-жылдын апрель айында кыргызстандык мугалим Азамат Нурмат уулу да ФЕТО (“Фетхуллачы террордук уюм”) уюмуна байланышы бар деген негизде кармалып, былтыр декабрь айында Кыргызстанга кайтып келген. Кыргызстандын Стамбулдагы консулдугу эки тараптуу сүйлөшүү жүргүзгөндөн кийин анын Кыргызстанга чыгып кетүүсүнө уруксат берилген 2016-жылы 15-июлда Түркияда мамлекеттик төңкөрүш аракети жасалып, буга байланыштуу үч жүздөн ашык адам набыт болгон. Режеп Тайып Эрдоган башында турган түрк бийлиги бул төңкөрүш аракети үчүн диний аалым Фетхулла Гүленди күнөөлөп, Вашингтондон аны өткөрүп берүүнү талап кылган жана анын кыймылын ФЕТО (“Фетхуллачы террордук уюм”) деп жарыялаган Эрдогандын мурдагы санаалашы, өнөктөшү Фетхулла Гүлен өзү жана анын тарапкерлери дооматтарды четке кагып, төңкөрүш аракетин бийлик өзү атайылап уюштурган деп жооп кайтарган. Гүлен 2024-жылдын октябрь айында 83 жашында АКШда каза болгон. (ZKo)


