Активист Мавлян Аскарбеков УКМК кызматкерлери тарабынан кармалды
Активист Мавлян Аскарбеков УКМКнын кызматкерлери тарабынан 48 саатка камакка алынды. Бул тууралуу журналист Адилет Айтикеев социалдык тармактарга жазды Анын айтымында, бүгүн, 13-июнда саат 11:00дө Бишкектин Ленин райондук соту активисттин баш коргоо чарасын карап чыгышы керек. Аскарбеков кайсы бер

Активист Мавлян Аскарбеков УКМКнын кызматкерлери тарабынан 48 саатка камакка алынды. Бул тууралуу журналист Адилет Айтикеев социалдык тармактарга жазды Анын айтымында, бүгүн, 13-июнда саат 11:00дө Бишкектин Ленин райондук соту активисттин баш коргоо чарасын карап чыгышы керек. Аскарбеков кайсы берене менен кармалганы азырынча белгисиз Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет бул боюнча расмий комментарий бере элек. Аскарбековдун кармалганын анын жубайы да тастыктады Мавлян Аскарбеков камалганга аз калганда социалдык тармактардагы баракчасына ага каршы чагымчыл мүнөздөгү материалдар таратылып, аны “эл душманы” катары көрсөтүүгө аракет кылып жатканын жазган Аскарбеков буга чейин министрлер кабинетинин төрагасына кытай жарандарынын Кыргызстандагы кичи жана орто бизнеске катышуусу боюнча суроо менен кайрылганын жана бул темада түз эфирде коомдук талкуу өткөрүүнү сунуштаганын билдирди Аскарбековдун айтымында, жекшемби күнү, 7-июнда анын үйүнө УКМКнын үч кызматкери келген. Анын айтымында, алар аны менен сүйлөшүп, жашыруун видеого тартып алышкан, кийин бул жазуулар аны каралоо үчүн монтаждалган жана жарыяланган Буга чейин социалдык тармактардагы айрым баракчаларда Мавлян Аскарбековду жаманатты кылган видеолор жарыяланган 47 жаштагы Мавлян Аскарбеков өлкөдөгү окуяларга активдүү комментарий берген саясатчылардын бири. Бийликтин кээ бир аракеттери тууралуу сын пикирлерин такай айтып келген. Буга чейин Аскарбеков өзүн бир нече жолу парламенттик шайлоого көрсөткөн. Ага чейин бир нече жыл Биринчи май районунун акиминин орун басары болуп иштеген


