Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

АКШда сот Трамптын виза акысын жогорулатуу чечимин жокко чыгарды

АКШда федералдык округдук судья Лео Сорокин H-1B жумуш визасына арыз жазуу үчүн төлөмдү жогорулатуу талабын жокко чыгарды. 100 миң долларлык төлөм деген талапты 2025-жылы сентябрда АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы киргизген Сот арыз берүү үчүн мынчалык акча төлөш керек деген талапты

0 көрүүazattyk.org
АКШда сот Трамптын виза акысын жогорулатуу чечимин жокко чыгарды
Paylaş:

АКШда федералдык округдук судья Лео Сорокин H-1B жумуш визасына арыз жазуу үчүн төлөмдү жогорулатуу талабын жокко чыгарды. 100 миң долларлык төлөм деген талапты 2025-жылы сентябрда АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы киргизген Сот арыз берүү үчүн мынчалык акча төлөш керек деген талапты киргизүү менен аткаруу бийлиги өзүнүн ыйгарым укуктарынан аша чапкан деген бүтүмгө келди Президенттик администрацияга каршы арыз менен сотко 20 штат кайрылган. Судья Сорокин мындай виза төлөмү мыйзамсыз салык деп эсептелерин белгиледи "Президенттин H-1B визасына арыз берүү үчүн салык киргизүүгө бийлиги же ыйгарым укугу жок болчу", - деп айтылды соттун чечиминде AFP агенттигинин маалыматына караганда, буга чейин башка федералдык сот 100 миң долларлык төлөмдү мыйзамдуу деп тапкан. Учурда бул чечимге каршы арыз каралууда Жогорку квалификациядагы адистерге берилүүчү H-1B визасы АКШнын ири технологиялык компаниялары арасында популярдуу. Берилген визалардын төрттөн үчү Индиядан келген кызматкерлерге туура келет Трамптын администрациясы буга чейин 5 миң долларды түзүп келген виза төлөмүн 100 миңге чыгаруу чечимин "чет элдиктер америкалыктар үчүн деген жумуш орундарын ээлебеши керек" деп негиздеген

Kaynak: azattyk.org

Diğer Haberler