Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Ак-Буура жээгиндеги "Байсан" рестораны жана башка жайлардын ордуна сейил бак курулат

Оштун мэри Жанарбек Акаев 6-майда шаардагы Ак-Буура дарыясынын боюнда, корук аймакка курулган мыйзамсыз объектилер бузулгандан кийин алардын ордуна сейил бак куруларын билдирди "Коомчулуктун пикирин эске алдык. Буга чейин курулуштары бузулган ишкерлер болгон. Баарына бирдей мамиле кылуу максатында

0 көрүүazattyk.org
Ак-Буура жээгиндеги "Байсан" рестораны жана башка жайлардын ордуна сейил бак курулат
Paylaş:

Оштун мэри Жанарбек Акаев 6-майда шаардагы Ак-Буура дарыясынын боюнда, корук аймакка курулган мыйзамсыз объектилер бузулгандан кийин алардын ордуна сейил бак куруларын билдирди "Коомчулуктун пикирин эске алдык. Буга чейин курулуштары бузулган ишкерлер болгон. Баарына бирдей мамиле кылуу максатында биз булар менен сүйлөшүү жүргүздүк, "силерге балким кенемте берели, башка жактан орун алмашалы" деп. Бирок сүйлөшүүлөрдөн натыйжа чыкпай атты. Бул жерди көрүп атасыңар, корук аймак. Корук аймакка жакын. Техника иштеп атканын көрүп атасыңар. Биз бул жерди 10 гектардан ашуун парк кылабыз. Бул мамлекеттик муктаждык. Бул жерде жашаган миңдеген адамдарга парк жетишпейт. Жакшынакай кылып веложол, гүл борбору, пляж кылып беребиз. Элдин баары "эмне үчүн буларга таандык имарат бузулбайт да, башкалардыкы бузулат, бирдей мамиле болуш керек" деп айтып жатышат. Албетте, кафенин ээлери сотко беребиз деп жатышат. Сотто мэрия элдин укугун, шаардыктардын укугун коргойбуз", - деди ал Мэрия 6-майдын кечинде аталган дарыянын жээгиндеги «Байсан» ресторанынын түрттүрүлүп жаткан видеосун жарыялаган Ресторанга байланыштуу аты аталган парламенттин мурдагы төрагасы Акматбек Келдибеков Фейсбуктагы баракчасына 6-майда жазган билдирүүсүндө имараттын ага тиешеси жок экенин, ээси жеңеси Адалат Абдибаитова экенин белгилеген Былтыр Ош шаарынын мэриясы "Байсан" Акматбек Келдибековго таандык экенин билдирген. Саясатчы анда комментарий берген эмес. 6-майдагы постунда Келдибеков Ош шаарынын мурдагы мэри Жеңишбек Токторбаев жогорудагы «маалымат жалган экенин айтып, андан кечирим сураганын» жазган Мэриянын билдирүүсүндө, “Байсан” рестораны дарыянын 50 метр корук зонасына кирип кеткен Сууну коргоочу зоналар жана суу объект тилкелери тууралуу өкмөттүн 1995-жылы 7-июлунда чыккан №271 токтомунун негизинде жобо кабыл алынган. Ага ылайык, узундугу 10 чакырымдан 50 чакырымга чейин созулган дарыялардын суу коргоочу зоналары 75 метр деп жазылган. Ак-Буура дарыясынын узундугу 17 чакырымды түзгөнүнө карабай корук аймагы 50 метрге кыскарган

Kaynak: azattyk.org

Diğer Haberler