Air Arabia авиакомпаниясы Шарджадан Тамчы менен Караколго түз каттамдарды карап жатат
Air Arabia авиакомпаниясы 2026-2027-жылдардагы туристтик сезондо Шарджадан Ысык-Көлгө түз каттамдарды ачууну караштырып жатат. Аба каттамдарын кеңейтүү келечегин «Кыргызстан аэропорттору» ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов жана БАЭ делегациясы талкуулашты 2026-жылдын жайкы туристтик с

Air Arabia авиакомпаниясы 2026-2027-жылдардагы туристтик сезондо Шарджадан Ысык-Көлгө түз каттамдарды ачууну караштырып жатат. Аба каттамдарын кеңейтүү келечегин «Кыргызстан аэропорттору» ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов жана БАЭ делегациясы талкуулашты 2026-жылдын жайкы туристтик сезонуна Тамчы айылындагы аэропорт аркылуу Шарджа-Ысык-Көл аба каттамын ачуу мүмкүн болгон жолугушуунун негизги маселеси болду. Учурда тараптар учуу программасынын параметрлерин, анын ичинде учуулардын башталышы жана жыштыгын аныктоонун үстүндө иштеп жатышат Мындан тышкары 2026-2027-жылдардагы кышкы туристтик сезонго Шарджа-Каракол багыты боюнча түз аба каттамдары талкууланууда. Мындай каттам Перс булуңундагы өлкөлөрдөн келген туристтердин Ысык-Көл облусунун тоо лыжа базаларына жетүүсүн кеңейтет


