Евробиримдик Космин Жорж Динескуну Армениядагы жаңы миссиясынын башчысы кылып дайындады
Евробиримдиктин кеңеши (ЕБ) Космин Джордж Динескуну Евробиримдиктин Армениядагы жаңы түзүлгөн өнөктөштүк миссиясынын (EUPM Армения) башчысы кылып дайындады Бул тууралуу Евробиримдиктин кеңеши таратты, деп билдирет «Репорт» Анын мандаты бир жылга эсептелген жана 2026-жылдын 11-июнунда күчүнө кире

Евробиримдиктин кеңеши (ЕБ) Космин Джордж Динескуну Евробиримдиктин Армениядагы жаңы түзүлгөн өнөктөштүк миссиясынын (EUPM Армения) башчысы кылып дайындады Бул тууралуу Евробиримдиктин кеңеши таратты, деп билдирет «Репорт» Анын мандаты бир жылга эсептелген жана 2026-жылдын 11-июнунда күчүнө кирет. Чечим Евробиримдиктин Саясий жана коопсуздук комитети тарабынан кабыл алынган Эске сала кетсек, “EUPM Армения” 2026-жылдын 26-апрелинде Армения бийлигинин өтүнүчүнүн негизинде эки жылдык мөөнөткө түзүлгөн. Миссиянын негизги максаты - өлкөнүн туруктуулугун бекемдөө жана кризисти башкаруу мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү Стратегиялык жана оперативдүү кеңештерди берүү менен миссия Арменияга кибер чабуулдарга, чет элдик маалыматтык манипуляцияларга жана кийлигишүүгө, ошондой эле мыйзамсыз финансылык агымдарга каршы күрөштө колдоо көрсөтөт Космин Динеску - эл аралык мамилелерде 25 жылдан ашык тажрыйбасы бар румыниялык дипломат. Ал буга чейин Румыниянын Тышкы иштер министрлигинде бир катар жооптуу кызматтарды аркалаган, ошондой эле өлкөсүнүн Литва, Латвия жана Хорватиядагы элчиси болгон Жаңы дайындалганга чейин ал Молдовадагы Евробиримдиктин Өнөктөштүк миссиясын (EUPM Moldova) үч жыл жетектеп, анда кризисти башкарууну колдоого жана гибриддик коркунучтарга каршы турууга багытталган Бирдиктүү коопсуздук жана коргонуу саясатынын алкагында Евробиримдиктин биринчи жарандык миссиясын түзүүнү жетектеген Аларды колдонууда сайттагы материалдарга кайрылуу маанилүү. Веб-баракчаларда маалымат колдонулганда, гипершилтеме менен шилтеме милдеттүү болуп саналат


