Евробиримдик Арменияга 50 миллион евро жардам пакетин даярдап жатат
Евробиримдик Орусиянын армян продукцияларына чектөө киргизгенине байланыштуу Ереванга 50 миллион евролук шашылыш жардам пакетин даярдап жатат Бул тууралуу Еврокомиссиянын төрагасы Урсула фон дер Лейен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен телефон аркылуу сүйлөшкөндөн кийин билдиргенин 52

Евробиримдик Орусиянын армян продукцияларына чектөө киргизгенине байланыштуу Ереванга 50 миллион евролук шашылыш жардам пакетин даярдап жатат Бул тууралуу Еврокомиссиянын төрагасы Урсула фон дер Лейен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен телефон аркылуу сүйлөшкөндөн кийин билдиргенин 525.az жазды "Бул экономикалык кысымдан башка эч нерсе эмес жана кабыл алынгыс нерсе. Армян продукциясына экспорттук чектөөлөрдү киргизүү менен Москва саясий кысым көрсөтүү үчүн экономикалык мамилелерди колдонууда", - деди ал Ал кошумчалагандай, Европа бул тажрыйбаны жакшы билет жана ошондуктан Арменияны катуу колдойт: "ЕБ Арменияны катуу колдойт жана 50 миллион евро өлчөмүндөгү каржылык жардамды камтыган колдоо пакетин даярдап жатат. Ошондой эле Армениянын айрым товарлары, өзгөчө айыл чарба жана азык-түлүк товарлары менен соодасын жеңилдетүү үчүн чараларды көрүп жатат"


