Ооган аялдары хиджабга каршы акцияга чыгышты. Алар тарап кетишти
Ооганстандын батышындагы Герат провинциясында 9-июнда полиция хижабга каршы акцияны таркатты Рейтер агенттиги окуянын күбөлөрүнө таянып, натыйжада бир адам каза таап, бир нечеси жарадар болгонун, ондогон адамдар, анын ичинде аялдар менен кыздар камакка алынганын кабарлады Өлкөнүн башкаруучу “Тал

Ооганстандын батышындагы Герат провинциясында 9-июнда полиция хижабга каршы акцияны таркатты Рейтер агенттиги окуянын күбөлөрүнө таянып, натыйжада бир адам каза таап, бир нечеси жарадар болгонун, ондогон адамдар, анын ичинде аялдар менен кыздар камакка алынганын кабарлады Өлкөнүн башкаруучу “Талибан” кыймылынын өкүлдөрү бул маалыматты тастыкташкан жок Нааразылык акциялары “адеп-ахлак полициясы” – Талибан тарабынан түзүлгөн Ыймандуулукту жайылтуу жана бузукулуктун алдын алуу министрлигинин өкүлдөрү бир нече аялды “милдеттүү дресс-кодду бузду”, башкача айтканда, хижаб кийүүдөн баш тартты деген айып менен кармагандан кийин башталган. БУУнун Ооганстандагы миссиясы бул кабарларга тынчсыздануусун билдирди


