Адылбек Касымалиев Өзбекстанда Шавкат Мирзиёев менен жолугушту
Өзбекстанга болгон жумушчу сапарынын алкагында министрлер кабинетинин төрагасы, президенттик аппараттын жетекчиси Адылбек Касымалиев өлкөнүн президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти Касымалиев Мирзиёевге Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаровдун сал

Өзбекстанга болгон жумушчу сапарынын алкагында министрлер кабинетинин төрагасы, президенттик аппараттын жетекчиси Адылбек Касымалиев өлкөнүн президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти Касымалиев Мирзиёевге Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаровдун саламын жеткирип, Өзбекстан менен стратегиялык өнөктөштүктү жана жакшы коңшулук мамилелерди өнүктүрүү Кыргызстандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык, инвестициялык, энергетикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө биргелешкен долбоорлорду жана демилгелерди жылдыруу, ошондой эле аймактар аралык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты Мындан тышкары, жол карталарында бекитилген келишимдердин аткарылышы талкууланды Ошондой эле быйылкы жылы Кыргызстан менен Өзбекстандын катышуусунда жогорку деңгээлдеги эки тараптуу жолугушуулар жана көп тараптуу иш-чаралар пландалып жатканы айтылды. Бул иш-чаралардын алкагында бир катар документтерге кол коюу пландалууда Жолугушуу V Ташкент эл аралык инвестициялык форумунун алкагында өттү


