Адылбек Касымалиев Баткендеги оорукана, завод, жолдор жана курулуш иштери менен таанышты (фото)
Адылбек Касымалиев эки күндүк иш сапары менен Баткен облусуна барды. Бул тууралуу КР министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди Министрлер кабинетинин башчысына Лейлек районундагы бир нече объектилер көрсөтүлдү. Алгач Лейлек райондук жалпы медициналык практика борборуна барды. 2025-жылы тер

Адылбек Касымалиев эки күндүк иш сапары менен Баткен облусуна барды. Бул тууралуу КР министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди Министрлер кабинетинин башчысына Лейлек районундагы бир нече объектилер көрсөтүлдү. Алгач Лейлек райондук жалпы медициналык практика борборуна барды. 2025-жылы терапия бөлүмү авариялык абалга байланыштуу жабылып, башкы имараттын экинчи кабатына көчүрүлгөн. Неврология жана терапия бөлүмдөрү үчүн өзүнчө имарат куруу зарылдыгы айтылып, Адылбек Касымалиев тиешелүү мамлекеттик органдарга бул маселени чечүү боюнча сунуштарды иштеп чыгууну тапшырды Андан соң Адылбек Касымалиев Кулунда айыл аймагынын Булак-Башы айылындагы “Мега Газ Блок KG” ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Немис технологиясы боюнча автоклав газ блокторун чыгарган завод экологиялык жактан таза курулуш материалдарын чыгарат. Бул жерде алар суткасына 1200 кубометрге чейин жогорку сапаттагы автоклавдуу газ блокторун чыгара алышат. Ал эми өндүрүштүн ачылышынын өзү эле чек ара айылына экономикалык өсүү мүмкүнчүлүгүн арттырат Андан соң министрлер кабинетинин төрагасы Лейлек районунун Кулунда айыл аймагынын Раззаков жана Максат айылдарындагы курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондунан Лейлек районунун Раззаков айылын ичүүчү таза суу менен камсыздоого жана канализациясын тартууга 39 миллион сом, Максат айылына 15 миллион сом бөлүнүп, учурда таза ичүүчү суу жана канализация системалары ишке берилди Кошумчалай кетсек, Раззаков айылында 2,4 чакырым жолду асфальттоо иштери толугу менен бүткөрүлүп, учурда кошумча иштер жүрүүдө. Максат айылында 1 км 120 метр тилкеге асфальт төшөө үчүн жол пайдубалынын курулушу аяктады Адылбек Касымалиев да жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, алардын суроолоруна жооп берди. Ал аталган айылдарга көчүп келген жарандарга тиешелүү шарттарды түзүү зарылдыгын белгилеп, социалдык объектилердин курулушун өз убагында жана сапаттуу бүткөрүүнү тапшырды


