Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Адылбек Касымалиев «Манас» эл аралык аэропортун реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев «Манас» эл аралык аэропортун реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышты Министрлер кабинетинин башчысына аба майдандын инфраструктурасын модернизациялоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер, учуу коопсуздугун жогорулатуу, өлкөнүн т

0 көрүүknews.kg
Адылбек Касымалиев «Манас» эл аралык аэропортун реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышты
Paylaş:

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев «Манас» эл аралык аэропортун реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышты Министрлер кабинетинин башчысына аба майдандын инфраструктурасын модернизациялоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер, учуу коопсуздугун жогорулатуу, өлкөнүн транспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана эл аралык авиациялык картадагы позициясын бекемдөө тууралуу айтып берди Аэропорт комплексин масштабдуу реконструкциялоонун алкагында терминал 20 миң чарчы метрге кеңейтилүүдө; курулуштун бардык этаптары аяктагандан кийин терминалдын жалпы аянты 60 миң чарчы метрге жакын болот. Жаңы терминал аэропорттун өткөрүү мүмкүнчүлүгүн бир топ жогорулатып, жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн сапатын жакшыртат жана эл аралык стандарттарга жооп берген шарттарды түзөт “Манас” аэропортунда учуп-конуу тилкеси капиталдык оңдоодон өткөрүлдү жана CAT III категориясындагы заманбап жарыктандыруу системасы ишке киргизилди, ал коюу туман жана көрүү чектелген шарттарда да учууларды аткарууга мүмкүндүк берет. Жабык унаа токтотуучу жайдын курулушу жүрүп жатат. Мындан тышкары, аэропортко кирүүчү жаңы жолдун курулушу жүрүп жатат, бул транспорттук хабдын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга, жол коопсуздугун жакшыртууга жана терминалга жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет. Унаа токтотуучу жай менен аэропорттун терминалынын ортосунда аба ырайынын шарттарына карабастан жылдын каалаган мезгилинде жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуу жүрүшүн камсыз кылуучу жабык жөө адамдар өтүүчү өтмөк курулат Министрлер Кабинетинин Төрагасы бардык курулуш иштерин өз убагында жана сапаттуу бүткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, Кыргыз Республикасынын Европа Биримдигине учууларга тыюу салынган авиакомпаниялардын тизмесинен чыгарылуусу авиация тармагын мындан ары өнүктүрүү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачып жатканын белгиледи

Kaynak: knews.kg

Diğer Haberler