Адылбек Касымалиев IV Бишкек эл аралык кинофестивалынын расмий ачылышына катышты
Бишкек, 07.06.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев IV Бишкек эл аралык кинофестивалынын расмий ачылышына катышты Анда президенттин жана жалпы министрлер кабинетинин атынан фестивалдын ачылышы менен куттуктаган Адылбек Касымалиев Кыргызстанда кинематографияны өнүктүрүү, чы

Бишкек, 07.06.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев IV Бишкек эл аралык кинофестивалынын расмий ачылышына катышты Анда президенттин жана жалпы министрлер кабинетинин атынан фестивалдын ачылышы менен куттуктаган Адылбек Касымалиев Кыргызстанда кинематографияны өнүктүрүү, чыгармачыл индустрияларды колдоо жана заманбап маданий чөйрөнү калыптандыруу багытында ырааттуу мамлекеттик саясат ишке ашырылып жатканын билдирди Ал ошондой эле кыргыз киносунун күчтүү кесиптик мектеби бар экенин, өткөн кылымдын 60-70-жылдары кыргыз киноискусствосу далай элдерди таң калтырып “Кыргыз керемети” деп даңазаланганын, мына ошол улуу муундун атактуу жолун татыктуу улаш үчүн азыркы муундун күчтүү потенциалы бар экенин канааттануу менен белгиледи Белгилей кетсек, IV Бишкек эл аралык кинофестивалы 7-12-июнь күндөрү өткөрүлөт. Бул жылы Бишкек кинофестивалынын программасы дүйнөлүк жана эл аралык премьералар, актуалдуу болгон чет элдик жана Борбор Азия тасмалардын көрсөтүлүшүн, ошондой эле режиссерлор менен сценаристтер үчүн атайын практикалык тажрыйба алмашуу сыяктуу ар тараптуу багыттарды камтыйт


