Президенттин экс-кеңешчиси Жаныбек Кубандыковдун жактоочусу СИЗОго камалды
Президенттин мурдагы кеңешчиси Жаныбек Кубандыковдун кызыкчылыгын коргогон адвокат Давран Касымов 4-августка чейин камакта калтырылды.Бул тууралуу Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Kaktus.media сайтынын редакциясына маалымдашты Сотто такталгандай, Д.К.га карата кылмыш иши козголду. КР Кылмыш

Президенттин мурдагы кеңешчиси Жаныбек Кубандыковдун кызыкчылыгын коргогон адвокат Давран Касымов 4-августка чейин камакта калтырылды.Бул тууралуу Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Kaktus.media сайтынын редакциясына маалымдашты Сотто такталгандай, Д.К.га карата кылмыш иши козголду. КР Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” беренеси боюнча Буга чейин УКМК 100 миң доллар өлчөмүндөгү алдамчылыкка шектелген эки адам кармалганын билдирген. Тергөөчүлөрдүн айтымында, алар соттор аркылуу маселени чечип, сот системасынын өкүлдөрүнө пара которот имиш, акча алууга убада беришкен. Кармалгандардын бири адвокат Давран Касымов болгон Белгилүү болгондой, Касымов президенттин мурдагы кеңешчиси Жаныбек Кубандыковдун жактоочусу, ал өзү да кылмыш ишин козгогон Эске сала кетсек, 21-майда УКМКнын кызматкерлери Жаныбек Кубандыковду кармашкан. Тергөөнүн маалыматы боюнча, ал чет элдик инвесторлордун 5,5 миллион доллар өлчөмүндөгү каражатын уурдап алган деп шектелүүдө Кармалгандан кийин Кубандыков СИЗОго киргизилген. Бирок 6-июнда сот анын баш коргоо чарасын үй камагына өзгөрткөн


