ADSEA төрагасы: "Бакуда техникалык жана ичүүчү суу тармактары бөлүнөт"
Бакуда техникалык суу жана ичүүчү суу тармактарын бөлүү багытында долбоорлор ишке ашырылат Бул тууралуу Азербайжандын мамлекеттик суу ресурстары агенттигинин (ADSEA) төрагасы Заур Микайилов «Репорт» агенттигине берген маегинде билдирди Анын айтымында, ичүүчү сууну өндүрүү татаал жана көп баскычту

Бакуда техникалык суу жана ичүүчү суу тармактарын бөлүү багытында долбоорлор ишке ашырылат Бул тууралуу Азербайжандын мамлекеттик суу ресурстары агенттигинин (ADSEA) төрагасы Заур Микайилов «Репорт» агенттигине берген маегинде билдирди Анын айтымында, ичүүчү сууну өндүрүү татаал жана көп баскычтуу процесс болгондуктан, аны техникалык максатта пайдалануу туура эмес: "Ичүүчү суу дарыялардан алынып, катуу тазалоо стадияларынан өтүп, андан кийин гана пайдаланылат. Бул сууну ирригациялык жана өнөр жайлык максатта пайдалануу эффективдүү эмес. Бул багыттагы пилоттук долбоор Ховсан конушунда ишке ашырылат. Учурдагы тазалоочу жайды реабилитациялоо пландалып, долбоордун техникалык негиздемеси бүткөрүлдү. Долбоорду быйылкы жылы ишке киргизүү пландалып жатат. 1—2 жылдын ичинде бул жерден алынган суу енер жайына жана айыл чарбасына пайдаланылат» Мындай ыкма башка долбоорлордо да колдонуларын З.Микайылов билдирди: "Ошентип, пландалып жаткан 9 жаңы тазалоочу жайда сууну кайра пайдалануу каралууда. Техникалык суу тармагы таза суу тутумунан толугу менен бөлүнүшү керек. Техникалык суу тармагына мыйзамсыз кошулуу ден соолукка коркунуч жаратышы мүмкүн. Андыктан бул системаларды өзүнчө инфраструктураларга куруп, өз багыты боюнча гана пайдалануу керек" АДСЕА-нын председатели Сумгаит индустриалдык зонасында иштеп жаткан тазалоочу стан-цияны модернизациялоо жана суткалык кубаттуулугу 100 мин кубометр болгон жацы цехти куруу пландаштырылганын билдирди "Бул суу өнөр жайлык максатта пайдаланылат. Ушундай эле ыкма Алат экономикалык аймагында да колдонулат. Бул жерде техникалык сууга муктаж аймактар аныкталып, долбоорлоо иштери жүрүп жатат. Бул долбоорлордун баары этап-этабы менен ишке ашып, негизги максат - ичүүчү суу ресурстарын үнөмдөө жана аны натыйжалуу пайдалануу", - деп баса белгиледи З.Микайылов Маек менен бул шилтеме аркылуу кенен тааныша аласыз Аларды колдонууда сайттагы материалдарга кайрылуу маанилүү. Веб-баракчаларда маалымат колдонулганда, гипершилтеме менен шилтеме милдеттүү болуп саналат


.webp&w=2048&q=70)