Ачык кабинет: Баткен облус башчысынын бир күнү
Бишкек, 12.06.26 /Кабар/. Бүгүн, 12-июнда президенттин Баткен облусундагы өкүлү Мамыржан Рахимовдун ишмердүүлүгү "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" медиа долбоорунун алкагында коомчулукка ачык көрсөтүлдү Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, Рахимовдун иш күнү "УТРК Баткен", "Ала-Тоо 24" жана "Биринчи ради

Бишкек, 12.06.26 /Кабар/. Бүгүн, 12-июнда президенттин Баткен облусундагы өкүлү Мамыржан Рахимовдун ишмердүүлүгү "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" медиа долбоорунун алкагында коомчулукка ачык көрсөтүлдү Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, Рахимовдун иш күнү "УТРК Баткен", "Ала-Тоо 24" жана "Биринчи радионун" түз эфирлеринде маек берүү менен башталды. Ал облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсү жана алдыдагы пландары тууралуу маалымат берди Андан соң өкүл министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин онлайн катышуусундагы республикалык гарнизондук саптык нускамага катышты. Иш-чара жайкы туристтик мезгилде коомдук коопсуздукту жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо маселелерине арналды Күндүн биринчи жарымында ал Агартуу министрлиги тарабынан уюштурулган "Доор өзгөрткөн билим" форумуна катышып, билим берүү тармагындагы реформалар жана 12 жылдык билим берүү системасына өтүүнүн мааниси тууралуу талкууларга катышты Ошондой эле министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиевдин катышуусундагы жол коопсуздугун камсыздоо боюнча онлайн жыйынга катышып, соңунда жергиликтүү мамлекеттик органдар менен биргеликте аймактагы кырдаалды талкуулап, тапшырмаларды койду Түштөн кийин өкүл Жаңы Достук айылындагы мектеп, бала бакча жана ФАПтын курулуш иштеринен кабар алып, объектилердин сапатына жана курулуштун жүрүшүнө өзгөчө көңүл бурду. Айылда 225 орундуу типтүү мектеп, 100 орундуу балдар бакчасы жана ФАПтын курулушу жүрүүдө Мындан тышкары, Баткен шаарындагы Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулуп жаткан турак жайлардын быйыл пайдаланууга берилүүчү корпусуна барып, обьекттин коммуникациялык жумуштарынын аткарылышы боюнча маалымат алды. Учурда Баткен шаарында 4200 батирден турган турак үй,үч даректе курулууда Андан кийин облус башчысы Бужум – Баткен – Кызыл-Бел унаа жолунун курулуш иштеринин жүрүшүн дагы жеринен көрүлүп, жол инфраструктурасын жакшыртуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер талданды.Аталган жолдун беш чакырымына асфвльт төшөлүп,жол сегиз метрге кеңейтилген.Жол курулушу республикалык бюджеттен каржыланды Күндүн соңунда Мамыржан Рахимов Көк-Дөбө айылындагы кирпич заводунун курулуш аянтында болуп, өндүрүштүк долбоордун ишке ашырылышын көрдү. Кытай инвесторлору тарабынан ишке ашып жаткан 10 млн долларлык өнөр жай ишканасы ишке берилсе 100дөй жумуш оруну түзүлөт. Суткасына 300 миң даана кирпич чыгарылат Бул күнү журналисттер облус башчысына бир катар суроолору менен кайрылып,маалымат алуусуна шарт түзүлдү Белгилей кетсек, "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" долбоору мамлекеттик кызматкерлердин ишмердүүлүгүн ачык-айкын көрсөтүүгө, жарандардын мамлекеттик башкаруу системасына болгон ишенимин бекемдөөгө жана жетекчилердин күнүмдүк ишинин мазмунун коомчулукка жеткирүүгө багытталган Долбоордун алкагында Мамыржан Рахимовдун бир күндүк иш графиги толугу менен чагылдырылып, көрүүчүлөргө облусту өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер менен кеңири таанышууга мүмкүнчүлүк түзүлдү
Diğer Haberler

2026-жылы Аталар күнү кайсы күн? Аталар күнүнө канча күн калды? Кайсы күнгө туура келет? Бул жерде майда-чүйдөсүнө чейин болуп саналат

Бейпазарыдагы "Дорук Маден" жумушчуларынын акциясына катышкан шахтердун баласы: Мен ар жайда атамдын укугу үчүн күрөшкөндөн тажадым | T24
