Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Абдирасулова Фейсбуктагы постун өчүрүүгө мажбур болорун айтты

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова 15-июнда Ноокен райондук милициясында бир нече саат сурак берип чыкты. Анын "Азаттыкка" билдиргенине караганда, милиция кызматкерлери укук коргоочуну саат 8:00ге жетпей үйүнөн алып кетишкен."Фейсбуктагы зектер тууралуу жазган постум боюнча күбө катары сурак бердим. Т

0 көрүүazattyk.org
Абдирасулова Фейсбуктагы постун өчүрүүгө мажбур болорун айтты
Paylaş:

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова 15-июнда Ноокен райондук милициясында бир нече саат сурак берип чыкты. Анын "Азаттыкка" билдиргенине караганда, милиция кызматкерлери укук коргоочуну саат 8:00ге жетпей үйүнөн алып кетишкен."Фейсбуктагы зектер тууралуу жазган постум боюнча күбө катары сурак бердим. Тергөөчү менден бул постумду өчүрүшүмдү талап кылды. Себеби ал постту 300дөй киши жактырып, жүздөй киши түрдүү пикир калтырган экен. Эми ошол пикир калтыргандарды да милиция издеп жатыптыр, алар дагы суракка чакырылат деди. Ошондуктан, посттун алдына калтырган пикири үчүн мекендештерим доого жыгылып кетишин каалабадым. Азыр үйгө жетип, анан постту өчүрүүгө мажбурмун", - деди укук коргоочу.Азиза Абдирасулова суракта эч кандай кысым-басым болбогонун айтты. Анын сөзүнө караганда сурак берип жатканда жакындары жанында болушкан. Кан басымы көтөрүлүп кеткенине байланыштуу тергөөчү "Тез жардам" чакырган. Алар келип укук коргоочуга дары берип, укол сайышкандан кийин абалы турукташкан.Укук коргоочу Ноокен райондук милициясына күбө катары суракка чакырылганын Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы да кабарлаган. Анда Азиза Абдирасулова кайсы ишке күбө катары чакырылганы ачыкталган эмес "Кылым шамы" бейөкмөт уюмунун негиздөөчүсү, укук коргоочу Азиза Абдирасулова тергөөгө суракка чакырылышына жарандык активист Мавлян Аскарбеков камалганына байланыштуу Фейсбукка жазган посттору негиз бергенин, бирк ал посттордо мыйзам бузуу жоктугун "Азаттыкка" билдирди.Азиза Абдирасулова отуз жылга жакын убактан бери укук коргоочулук менен алектенет. Ал түзгөн "Кылым шамы" бейөкмөт уюму 2002-жылдан бери өлкөдөгү саясий, социалдык жана башка окуяларга, шайлоолорго, жабык жайлардагы, армиядагы адам укуктарына мониторинг жүргүзүп, адам укугун коргоо жаатында иштеп келген Бир нече жыл мурда уюмдун жетекчилигин кызына өткөрүп берген Абдирасулова 2024-жылы укук коргоочулук ишмердигине байланыштуу өмүрүнүн коопсуздугу үчүн мекенинен чыгып кетүүгө мажбур болгонун билдирген. Бир жылга чамалуу убактан соң өлкөгө кайтып келген Быйыл 21-январда Азиза Абдирасуловага Европа кеңешинин Раул Валленберг атындагы сыйлыгы ыйгарылган. Еврокеңештин билдирүүсүндө Абдирасулованын Борбор Азиядагы “адам укуктарынын системалуу бузулушун ачыкка чыгаруудагы теңдешсиз аракеттери”, өзгөчө абактагылардын укуктарын, жарандардын эркин чогулуу укуктарын коргоо, кыйноолорго каршы күрөштөгү талбас эмгеги жогору бааланганы белгиленген. (ZKo)

Kaynak: azattyk.org

Diğer Haberler