АКШ менен Иран келишимге жетишти
АКШ президенти Дональд Трамп менен Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Казем Гарибабади эки өлкөнүн ортосундагы согушту токтотуу боюнча келишим түзүлгөнүн ырасташты Трамп социалдык медиа эсебинен Truth Social аркылуу : «Иран Ислам Республикасы менен келишим бүттү»,-деп жазды Ал "Ормуз кы

АКШ президенти Дональд Трамп менен Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Казем Гарибабади эки өлкөнүн ортосундагы согушту токтотуу боюнча келишим түзүлгөнүн ырасташты Трамп социалдык медиа эсебинен Truth Social аркылуу : «Иран Ислам Республикасы менен келишим бүттү»,-деп жазды Ал "Ормуз кысыгын эч кандай чектөөсүз ачууну, ошондой эле АКШнын деңиз блокадасын дароо алып салууну жактырганын" билдирди — Май агып баштасын! деди ал Трамп кийинчерээк Босфор аркылуу мунай агымы келишимге 19-июнь, жума күнү кол коюлгандан кийин башталарын билдирди Трамптын билдирүүсүнөн кийин Ирандын мамлекеттик телеканалы Пакистандын премьер-министринин билдирүүсүнө таянып, Тегеран АКШ менен келишимге жетишкенин жарыялады Андан соң Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Казем Гарибабади мамлекеттик телеканалга телефон аркылуу АКШ менен келишим болорун жана расмий кол коюу аземи 19-июнда Швейцарияда болорун ырастады «Ар кандай фронттордогу, анын ичинде Ливандагы согуштун жана согуштук операциялардын токтоосуз жана биротоло токтотулушу бугун кечинде жарыяланат», — деп айтты ал Ал ошондой эле АКШ Иранга киргизген деңиз блокадасы түн ичинде жоюларын кошумчалады Эки өлкө келишимди ырастай электе ортомчу ролун ойногон Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф, АКШ менен Ирандын ортосунда келишимге жетишилгенин маалымат менен бөлүштү «Интенсивдүү сүйлөшүүлөрдөн кийин биз Америка Кошмо Штаттары менен Иран Ислам Республикасынын ортосунда тынчтык келишими түзүлгөнүн жарыялоого кубанычтабыз», - деп жазган Шариф «Эки тарап тец бардык фронттордо, анын ичинде Ливанда да согуштук аракеттерди дароо жана биротоло токтотууну жарыялашты Ал расмий кол коюу аземи 19-июнда Швейцарияда болорун кошумчалады Шариф ошондой эле бул арачылыкты колдогон Катар, Сауд Арабия жана Түркияга ыраазычылык билдирди Ирандын жарым расмий мамлекеттик маалымат агенттиги Мехр АКШ менен Ирандын ортосунда кол коюла турган 14 беренеден турган меморандум долбоорунун чоо-жайын билдирет Бул нерселер азырынча эки өлкө тарабынан расмий түрдө тастыктала элек: Mehr ошондой эле "Ирандын тоңдурулган каражатынын жарымы бошотулмайынча, Иранга каршы мунай санкциялары токтотулмайынча жана деңиз блокадасы алынмайынча акыркы сүйлөшүүлөр башталбайт" деп билдирди Жыйынтыктоочу келишим БУУнун Коопсуздук Кеңешинин чечими менен бекитилери айтылды


