АКШ менен Израилдин Иранга жасаган соккуларынын натыйжасында 3300дөн ашуун адам каза болду
АКШ-Израиль операциясы башталгандан бери Иранда 3300дөн ашуун киши набыт болду Бул тууралуу "Mehr" агенттиги Ирандын Тез жардам уюмунун башчысы Жафар Миадфарга шилтеме берүү менен билдирди Акыркы эсептөөлөр боюнча, жалпысынан 3375 адам, анын ичинде 2800дөн ашуун эркек жана 500гө жакын аял каза бо

АКШ-Израиль операциясы башталгандан бери Иранда 3300дөн ашуун киши набыт болду Бул тууралуу "Mehr" агенттиги Ирандын Тез жардам уюмунун башчысы Жафар Миадфарга шилтеме берүү менен билдирди Акыркы эсептөөлөр боюнча, жалпысынан 3375 адам, анын ичинде 2800дөн ашуун эркек жана 500гө жакын аял каза болгон Миадфар буга чейин АКШ менен Израилдин чабуулдары башталгандан бери Ислам Республикасындагы кеминде 400 медициналык мекеме жабыркаганын айткан. Натыйжада 26 медицина кызматкери каза болуп, дагы 188 адам жарадар болгон 28-февралда АКШ менен Израил Иранга каршы аскерий операцияларды баштап, бир нече шаарларга абадан сокку урган. Ошол эле күнү Ирандын жогорку лидери Али Хаменеи өлтүрүлгөн. Буга жооп кылып Иран Израилдин аймагына ракеталык сокку уруп, Перс булуңундагы АКШнын аскерий базаларына чабуулдарды уюштурган Иран, АКШ жана алардын союздаштары 2026-жылдын 8-апрелине караган түнү эки жумалык ок атышпоо келишимине жетишти.11-апрелден 12-апрелге караган түнү Исламабадда Пакистандын ортомчулугу менен Иран менен АКШнын сүйлөшүүлөрү өттү Аларды колдонууда сайттагы материалдарга кайрылуу маанилүү. Веб-баракчаларда маалымат колдонулганда, гипершилтеме менен шилтеме милдеттүү болуп саналат


.webp&w=2048&q=70)