АКШ менен Ирандын расмий өкүлдөрү келишимге виртуалдык кол коюуга даярданып жатышат
АКШ менен Ирандын ортосунда уланып жаткан сүйлөшүүлөрдө тараптар келишимге бир кадам жакындаганы кабарланууда CNN маалымдагандай, АКШ менен Ирандын расмийлери мүмкүн болгон меморандумга виртуалдык кол коюуга даярданып жатышат Булактардын айтымында, электрондук кол коюу варианты акыркы учурда кели

АКШ менен Ирандын ортосунда уланып жаткан сүйлөшүүлөрдө тараптар келишимге бир кадам жакындаганы кабарланууда CNN маалымдагандай, АКШ менен Ирандын расмийлери мүмкүн болгон меморандумга виртуалдык кол коюуга даярданып жатышат Булактардын айтымында, электрондук кол коюу варианты акыркы учурда келип чыгышы мүмкүн болгон тоскоолдуктарды болтурбоо жана жетишилген келишимди тезирээк расмийлештирүү максатын көздөйт. Бул форматты тандоо коопсуздук жана логистикалык маселелерге да байланыштуу Маалыматка ылайык, АКШ президенти Дональд Трамп Иран менен келишимге жакын арада кол коюлушу мүмкүн экенин билдирген. Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф да тараптардын тынчтык келишими боюнча алкактык макулдашууга жетишкенин жана электрондук кол коюунун алдыдагы 24 сааттын ичинде ишке ашырылышы мүмкүн экенин билдирди Бирок иран тарап кол коюунун мөөнөтүнө этияттык менен мамиле кылууда. Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Исмаил Багай акыркы чечим кабыл алына электигин айтып, келишимдин датасы тууралуу шашылыш билдирүүлөрдөн алыс болууга чакырды Тараптардын ортосунда жетишиле турган меморандумдун негизги максатынын АКШ менен Ирандын ортосундагы чыңалууну азайтуу, Ормуз кысыгында жүк ташуунун коопсуздугун калыбына келтирүү жана Ирандын өзөктүк программасы боюнча кеңири сүйлөшүүлөргө негиз түзүү экендиги белгиленди Ошол эле учурда Ирандын ичиндеги катаал күчтөр келишимге каршы чыкканы кабарланууда. Эксперттер тараптар бир бүтүмгө жакындаганы менен акыркы документке кол коюуда белгилүү саясий тоскоолдуктар бар деп эсептешет


