АКШ-Иран келишимине бүгүн кол коюлушу мүмкүн
АКШ менен Пакистандын лидерлери АКШ менен Ирандын ортосундагы согуштук аракеттерди токтотуу боюнча көптөн күтүлгөн алкактык келишимге жекшемби күнү кол коюлушу мүмкүн экенин айтышты Reuters агенттигинин маалыматына караганда, Тегеран азырынча кол коюунун так убактысын жарыялай элек. Ирандагы катаа

АКШ менен Пакистандын лидерлери АКШ менен Ирандын ортосундагы согуштук аракеттерди токтотуу боюнча көптөн күтүлгөн алкактык келишимге жекшемби күнү кол коюлушу мүмкүн экенин айтышты Reuters агенттигинин маалыматына караганда, Тегеран азырынча кол коюунун так убактысын жарыялай элек. Ирандагы катаал көз караштагылар келишимдин шарттарына каршы чыгышты Агенттиктин маалыматына караганда, АКШ президенти Дональд Трамп ишемби күнү социалдык тармакка Иран менен келишимге эртеси, башкача айтканда, анын 80 жылдык мааракесинде кол коюу пландалып жатканын жазган. Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф тараптар тынчтык келишими боюнча алкактык макулдашууга жетишкенин жана Исламабад жекшемби күнү электрондук кол коюуга даярданып жатканын билдирди. Андан соң келерки аптада техникалык деңгээлде сүйлөшүүлөр болору күтүлүүдө Бирок Иран жекшемби күнү кол коюлганын ырастаган жок. Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Исмаил Багай Трамптын жарыясына чейин кол коюу убактысы тууралуу билдирүү жасоого шашылбоого чакырды. Маалыматка ылайык, АКШ менен Иран акыркы эки күндө келишимге карай кадам шилтегени менен, кагылышуулар улана берди. Ошол эле учурда сунушталып жаткан өз ара түшүнүшүү меморандумунда Ормуз кысыгын кайра ачуу жана АКШнын деңиз блокадасын алып салуу каралганы белгиленет. Ирандын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөр кийинчерээк болот


