АКШ менен Кытай Соода кеңешин түзүүнү макулдашты
Кытай менен АКШ соода жана инвестиция маселелерин талкуулоо үчүн Соода кеңешин жана инвестициялык кеңешти түзүүнү макулдашты Бул тууралуу Кытайдын Соода министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады "Соода кеңешинин алкагында айрым товарларга болгон алымдарды төмөндөтүү маселелери талкууланат. Салышт

Кытай менен АКШ соода жана инвестиция маселелерин талкуулоо үчүн Соода кеңешин жана инвестициялык кеңешти түзүүнү макулдашты Бул тууралуу Кытайдын Соода министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады "Соода кеңешинин алкагында айрым товарларга болгон алымдарды төмөндөтүү маселелери талкууланат. Салыштырылган көлөмдөгү товарларга тарифтерди өз ара төмөндөтүү боюнча макулдашууга жетишилди", — деп белгилейт мекемеден Мындан тышкары, тараптар товарлардын айрым категорияларына тарифтерди төмөндөтүү аркылуу эки тараптуу сооданы, анын ичинде айыл чарба продукцияларын соодасын кеңейтүүгө көмөктөшүүнү макулдашты Министрлик ошондой эле Кытайдын америкалык учактарды сатып алуусу, АКШдан Кытайга учактын кыймылдаткычтарын жана тетиктерин жеткирүү боюнча келишим түзүлгөнүн ырастап, тиешелүү тармактарда кызматташууну улантуу макулдашылды Мекеме учурда жетишилген макулдашуулардын чоо-жайы талкууланып жатканын белгилейт "Эки өлкөнүн соода-экономикалык командалары Кытай-АКШ экономикалык кызматташтыгына жана дүйнөлүк экономикага көбүрөөк ишенимдүүлүк жана туруктуулук алып келүү үчүн бул макулдашууларды мүмкүн болушунча тезирээк консолидациялоого жана ишке ашырууга ниеттенүүдө", — деп айтылат билдирүүдө Эске сала кетсек, 13-15-май күндөрү АКШ лидери Дональд Трамп Кытайда болуп, Си Цзиньпин менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн Аларды колдонууда сайттагы материалдарга кайрылуу маанилүү. Веб-баракчаларда маалымат колдонулганда, гипершилтеме менен шилтеме милдеттүү болуп саналат

