АКШнын согуштук чыгымдары 29 миллиард долларга жакындайт
АКШнын Иранга каршы согуштук операциясынын чыгымы 29 миллиард долларга жакындап баратат Бул тууралуу Коргоо министрлигинин финансы боюнча орун басарынын милдетин аткаруучу Жюль Херст билдирди Апрель айынын аягында Коргоо министрлиги Иран менен болгон согуштун чыгымы 25 миллиард долларга жакын эке

АКШнын Иранга каршы согуштук операциясынын чыгымы 29 миллиард долларга жакындап баратат Бул тууралуу Коргоо министрлигинин финансы боюнча орун басарынын милдетин аткаруучу Жюль Херст билдирди Апрель айынын аягында Коргоо министрлиги Иран менен болгон согуштун чыгымы 25 миллиард долларга жакын экенин билдирген. "Биз бул азыр 29 миллиард долларга жакындап калды деп ойлойбуз" деди ал Өкүлдөр палатасынын ассигнование боюнча комитетинин угуусунда Жаңыланган нарк көрсөткүчү жабдууларды оңдоого жана алмаштырууга кеткен чыгымдарды, ошондой эле аймактагы персоналды кармоо үчүн операциялык чыгымдарды камтыйт, деди Херст


