АКШнын өзөктүк куралга болгон чыгашасы 22 пайызга өстү
АКШнын өзөктүк куралга жумшаган чыгымдары 2025-жылы мурунку жылга салыштырмалуу 22 пайызга өсүп, 69,2 миллиард долларга жетти Бул тууралуу өзөктүк куралды жок кылуу боюнча эл аралык кампаниянын (ICAN) баяндамасында айтылат «Кошмо Штаттар кайрадан ядролук куралы бар бардык башка мамлекеттерди кошк

АКШнын өзөктүк куралга жумшаган чыгымдары 2025-жылы мурунку жылга салыштырмалуу 22 пайызга өсүп, 69,2 миллиард долларга жетти Бул тууралуу өзөктүк куралды жок кылуу боюнча эл аралык кампаниянын (ICAN) баяндамасында айтылат «Кошмо Штаттар кайрадан ядролук куралы бар бардык башка мамлекеттерди кошкондо — 69,2 миллиард долларды ашык сарптады», — деп айтылат докладда Документке ылайык, өзөктүк куралга эң көп акча короткон өлкөлөрдүн ичинен Кытай экинчи (13,5 миллиард доллар), үчүнчү орунда Улуу Британия (12,6 миллиард доллар), төртүнчү орунда Орусия (9,5 миллиард доллар) турат ICAN эксперттеринин айтымында, докладга киргизилген тогуз ядролук мамлекеттин жалпы чыгымы болжол менен 119 миллиард долларды түздү Белгилей кетсек, ICAN 2007-жылы Австралиянын Мельбурн шаарында түзүлгөн бейөкмөт уюмдардын коалициясы жана өзөктүк куралды толугу менен жок кылууну көздөйт. Уюм 2017-жылы Нобель Тынчтык сыйлыгына татыган


