АКШ Иранга кол салды
АКШ армиясы Иранда жайгашкан бир катар буталарга каршы аскердик операция өткөргөнүн жарыялады Modern.az агенттиги АКШнын Борбордук командачылыгынын (CENTCOM) билдирүүсүндө президент Дональд Трамптын көрсөтмөсүнө таянып, Ирандагы көп сандаган буталарга жаңы сокку урулганын билдирди Операциялардын

АКШ армиясы Иранда жайгашкан бир катар буталарга каршы аскердик операция өткөргөнүн жарыялады Modern.az агенттиги АКШнын Борбордук командачылыгынын (CENTCOM) билдирүүсүндө президент Дональд Трамптын көрсөтмөсүнө таянып, Ирандагы көп сандаган буталарга жаңы сокку урулганын билдирди Операциялардын Ирандын АКШ күчтөрүнө каршы уланып жаткан аракеттерине жооп иретинде «мыйзамдуу өзүн-өзү коргоо чарасынын» алкагында жүргүзүлгөнү белгиленди Ирандын "Мехр" агенттиги кол салуулардын фонунда өлкөнүн ар кайсы аймактарында жарылуулар угулуп, абадан коргонуу системалары ишке киргенин жазат Фарс провинциясында жана Тегерандын батыш бөлүгүндө абадан коргонуу системалары ишке киргизилди. Жергиликтүү маалымат булактары жарылуулар угулганын кабарлашканы менен, алдын ала маалыматтарга караганда, бул коргонуу системаларынын активдүүлүгүнө байланыштуу экени белгиленди Ирандын мамлекеттик телеканалы Киш аралынын айланасында белгисиз үндөр угулуп, окуянын себеби иликтенип жатканын жарыялады Tasnim агенттигинин маалыматына ылайык, жарылуулар Хормузган провинциясынын Сирик жана Минаб шаарларында да катталган. Мамлекеттик телеканал Сирикте кеминде үч жардыруу угулганын билдирди


