АКШ-Иран келишимине кол коюлду
Иран менен келишимге АКШнын атынан президент Дональд Трамп жана вице-президент Жей Д.Вэнс, Тегерандын атынан бул өлкөнүн парламентинин спикери Мохаммад Багер Галибаф кол коюшту Бул тууралуу “Axios” басылмасынын кабарчысы Барак Равид “X” социалдык тармагындагы аккаунтуна америкалык расмий өкүлдөрдү

Иран менен келишимге АКШнын атынан президент Дональд Трамп жана вице-президент Жей Д.Вэнс, Тегерандын атынан бул өлкөнүн парламентинин спикери Мохаммад Багер Галибаф кол коюшту Бул тууралуу “Axios” басылмасынын кабарчысы Барак Равид “X” социалдык тармагындагы аккаунтуна америкалык расмий өкүлдөрдүн билдирүүсүнө таянуу менен жазганын Modern.az жазды М.Галибаф “Х” социалдык тармагындагы аккаунтунда Иран акыркы жеңишке чоң кадам таштады деп жазды. «Биз бекем турабыз жана Кудайдын жардамы менен жеңебиз», - деди ал Ирандын президенти Масуд Пезешкян сүйлөшүү тобунун жетекчилик белгилеген саясаттан тайбай турганын айтты: «Бардык иш-чаралар улуттук кызыкчылыктардын жана система тарабынан аныкталган сызыктардын алкагында ишке ашат Буга чейин ал АКШ менен Ирандын ортосунда макулдашылган меморандумдун бардык пункттары талаптагыдай аткарылса, Тегеран аймакта жаңы шарттарды түзө аларын баса белгилеген Ошол эле учурда "Рейтер" агенттиги америкалык жогорку даражалуу аткаминерге таянып кабарлагандай, Тегеран менен Вашингтондун ортосундагы согуштук аракеттерди токтотуу боюнча келишимге АКШ президенти Дональд Трамп, АКШнын вице-президенти Жей Д.Вэнс жана Иран парламентинин (бир палаталуу парламент) спикери Мохаммад Багер Галибаф кол коюшкан Сөз документке электрондук кол коюу жөнүндө болуп жатат деп болжолдонууда


