АКШ Иранга 5 шарт койду: уран, өзөктүк объектилер жана санкциялар күн тартибинде калууда
АКШ Тегеран менен жөнгө салуу жараянын улантуу үчүн Иранга беш негизги шартты сунуштады. Бул тууралуу Ирандын Fars News агенттиги билдирди Маалыматка ылайык, Вашингтон Ирандын талаптарына жооп катары өзүнүн шарттарын сунуштаган Докладда Кошмо Штаттардын Иранга компенсация төлөп берүүгө ниети жок э
АКШ Тегеран менен жөнгө салуу жараянын улантуу үчүн Иранга беш негизги шартты сунуштады. Бул тууралуу Ирандын Fars News агенттиги билдирди Маалыматка ылайык, Вашингтон Ирандын талаптарына жооп катары өзүнүн шарттарын сунуштаган Докладда Кошмо Штаттардын Иранга компенсация төлөп берүүгө ниети жок экени айтылат. Шарттары төмөнкүдөй: 1. Ирандын аймагын бомбалоо учурунда келтирилген зыяндын ордун толтуруудан баш тартылат 2. Ирандан АКШга 400 килограмм байытылган уран экспорттолушу керек 3. Ислам Республикасынын аймагында иштеп жаткан бир гана өзөктүк объект сакталат 4. АКШ Ирандын тоңдурулган каражатынын 25 пайыздан ашыгын бошотууну көздөбөйт 5. Бардык фронттордо, анын ичинде Ливанда да согушту токтотуу женундегу маселе суйлешуулердун журушунде чечилсин Кээ бир башка булактар Иран АКШга өз талаптарын койгонун жазышууда. Ал шарттардын арасында санкцияларды алып салуу, тоңдурулган активдерди ачуу, согушту токтотуу жана Ирандын Ормуз кысыгындагы эгемендигин таануу сыяктуу беренелер бар


