АКШ-Иран сүйлөшүүлөрү: ок атышууну токтотуу 60 күнгө узартылды, Тегеран байытылган урандын көлөмүн азайтты
АКШ менен Иран ок атышпоо келишимин 60 күнгө узартуу боюнча макулдашууга аз калды Бул тууралуу Улуу Британиянын "Financial Times" гезити сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү менен тааныш булактарына таянуу менен жазып чыкты Тараптар Тегерандын өзөктүк программасын талкуулоо үчүн негиз даярдап жатканы белгиленди

АКШ менен Иран ок атышпоо келишимин 60 күнгө узартуу боюнча макулдашууга аз калды Бул тууралуу Улуу Британиянын "Financial Times" гезити сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү менен тааныш булактарына таянуу менен жазып чыкты Тараптар Тегерандын өзөктүк программасын талкуулоо үчүн негиз даярдап жатканы белгиленди Басылманын айтымында, макулдашуулар Ормуз кысыгын акырындык менен ачуу жана Ирандын байытылган уран корлорун жок кылуу же башка жерге көчүрүү сыяктуу маселелерди камтышы мүмкүн Буга жооп кылып, Вашингтон Иран портторун блокадалоону жана санкцияларды жеңилдетип, Тегерандын чет өлкөлөрдөгү активдерин акырындык менен ачышы мүмкүн "Аль Хадат" Иран АКШ менен кыйыр сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатып, 10 жылга уранды 3,6%дан жогору байытууну токтотууну сунуш кылганын билдирди Мындан тышкары, Тегеран ошондой эле өлкөдөгү байытылган урандын көлөмүн 20% га кыскартууга даяр экенин билдирди Белгилей кетсек, АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио менен Ирандын тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Исмаил Багай мамлекеттер ортосундагы сүйлөшүүлөрдө жылыш бар экенин айтышкан Аларды колдонууда сайттагы материалдарга кайрылуу маанилүү. Веб-баракчаларда маалымат колдонулганда, гипершилтеме менен шилтеме милдеттүү болуп саналат


