Ак үй Трамп Хексетті кызматтан кетирүүнү карап жатат деген кептерди четке какты
Ак үйдүн басма сөз катчысынын орун басары Анна Келли АКШ президенти Дональд Трамп Иран келишимине каршы чыкканы үчүн Пентагондун башчысы Пит Хегсетти жана ЦРУнун директору Жон Рэтклиффти кызматтан алуу мүмкүнчүлүгүн карап жатат деген маалыматты четке какты Бул тууралуу Келли өзүнүн "X" аккаунтунда
Ак үйдүн басма сөз катчысынын орун басары Анна Келли АКШ президенти Дональд Трамп Иран келишимине каршы чыкканы үчүн Пентагондун башчысы Пит Хегсетти жана ЦРУнун директору Жон Рэтклиффти кызматтан алуу мүмкүнчүлүгүн карап жатат деген маалыматты четке какты Бул тууралуу Келли өзүнүн "X" аккаунтунда билдирди "Мен бул Дэнни Закен жөнүндө эч качан уккан эмесмин. Ал Ак үй менен байланышпай туруп, системалуу түрдө фейк жаңылыктарды тарата баштаганга чейин. Ачык айталы, бул клоун эмне жөнүндө айтып жатканын билбейт жана анын булактары, кыязы, анын башындагы үндөр болсо керек", — деп жазган Келли Белгилей кетсек, “Израиль Хайом” гезитинин баяндамачысы Дэнни Закен гезитке макала жарыялап, анда Трамп өз администрациясынын бир нече жогорку даражалуу кызматкерлерин, анын ичинде Пентагондун башчысын жана Борбордук чалгындоо башкармалыгынын директорун Иран келишимин сындаганы үчүн кызматтан алууну ойлонуп жатканы айтылган


