Москвада ата-энесиз калган өзбекстандык мигранттардын 6 жаштагы уулу мекенине кайтарылды
Өзбекстандын Фергана облусунан Москвада ата-энесиз калган 6 жаштагы Абубакр мекенине кайтарылды Тышкы эмгек миграциясы боюнча агенттиктин телеграм-каналында маалымдалгандай, бала ата-энеси мыйзамсыз жүргөндүктөн мекенине депортациялангандан кийин Орусияда жалгыз калган. Москвада Абубакр убактылуу

Өзбекстандын Фергана облусунан Москвада ата-энесиз калган 6 жаштагы Абубакр мекенине кайтарылды Тышкы эмгек миграциясы боюнча агенттиктин телеграм-каналында маалымдалгандай, бала ата-энеси мыйзамсыз жүргөндүктөн мекенине депортациялангандан кийин Орусияда жалгыз калган. Москвада Абубакр убактылуу коңшуларынын колунда болгон Баланы кайтарууну Миграция агенттигинин Фергана облусу боюнча бөлүмүнүн жана агенттиктин Москвадагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери уюштурган. 6 жаштагы Абубакрды авиакомпаниянын кызматкерлери Өзбекстанга алып келип, аэропорттон туугандарына өткөрүп беришкен Акыркы жылдары орус бийлиги Борбор Азия өлкөлөрүнөн келген мигранттарды өлкөдөн чыгаруу өнөктүгүн жүргүзүп, алардын өлкөдө жүрүүсүн жөнгө салган мыйзамдарды катаалдатып жатат. Кээде Орусиянын жарандыгын алган же документтерин толтурууга үлгүрбөй калган мигранттардын жашы жете элек балдары ата-энелери өлкөдөн чыгарылгандан кийин мыйзамдуу өкүлдөрүсүз өлкөдө кала беришет Буга чейин аймактагы мамлекеттердин дипломаттары жана волонтерлор мигранттардын калган балдарын табууга жана аларды ата-энелерине аман-эсен жеткирүүнү уюштурууга тез жардам көрсөткөн учурлар болгон Azattyk Asia © 2026 RFE/RL, Inc. | Бардык укуктар корголгон


