"5+1 кеңейтилген жыйын июль же август айларында болот"
Кипрдин түрк лидери Туфан Эрхүрман Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысынын Кипрдеги жеке өкүлү Мария Ангела Ольгин менен жолугушту Бир саатка жакын созулган жолугушуудан кийин журналисттерге берген маалыматында Ольгин Кипрдин рум лидери менен эртең мененки жолугушуусунан кийин айткандарын кайтал

Кипрдин түрк лидери Туфан Эрхүрман Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысынын Кипрдеги жеке өкүлү Мария Ангела Ольгин менен жолугушту Бир саатка жакын созулган жолугушуудан кийин журналисттерге берген маалыматында Ольгин Кипрдин рум лидери менен эртең мененки жолугушуусунан кийин айткандарын кайталап, 5+1 форматында кеңейтилген эл аралык жолугушууга даярданышкандарын белгиледи. Ольгин ошондой эле сөз болуп жаткан жолугушуунун июль же август айларында болоорун билдирди Рум лидери Никос Кристодулидестин расмий сүйлөшүү процессинин 5+1 конференциясында баштала турганы жөнүндөгү билдирүүсүнө байланыштуу суроого Ольгин: «Муну айтууга али эрте»,-деди Жеке өкүл кырдаал байланыштар болгондон кийин белгилүү болорун билдирди "Сүйлөшүүлөр кайра баштала турган конференцияга даярдыктар башталды" “5+1 форматындагы кеңейтилген жолугушууга негиз даярдалууда”


