“5+1 форматындагы кеңейтилген жолугушууга негиз даярдалууда”
Кипр лидерлери менен жолугушуу үчүн аралга келген БУУнун баш катчысынын жеке өкүлү Мария Ангела Ольгин 5+1 форматында кеңейтилген жолугушууга негиз даярдап жатышканын жарыялады Cyprus Mail гезитинин маалыматына караганда, Рум лидери Никос Христодулидис менен жолугушуусунан кийин билдирүү жасаган О

Кипр лидерлери менен жолугушуу үчүн аралга келген БУУнун баш катчысынын жеке өкүлү Мария Ангела Ольгин 5+1 форматында кеңейтилген жолугушууга негиз даярдап жатышканын жарыялады Cyprus Mail гезитинин маалыматына караганда, Рум лидери Никос Христодулидис менен жолугушуусунан кийин билдирүү жасаган Ольгин: «Башкы катчы Антонио Гутерреш менен 5+1 форматында жолугушууга даярдануудабыз»,-деди Саат 15.00дө Кипрдин түрк лидери Туфан Эрхүрман менен жолугуша турган Ольгин аралдан кеткенден кийин Анкара жана Афинага бара турганын да билдирди «5+1 жолугушуусу качан жана качан өткөрүлөт» деген суроого Ольгин: «Ооба болот, бирок качан болорун так айта албайм, бул ар кимдин графигине жараша болот», - деп жооп берди Бир тараптан Кипр Республикасынын расмий кабар агенттиги CNA да Ольгиндин Рум лидери менен жума же ишемби күнү кайрадан жолугуша турганын жазды Хирстодулидис жекшемби күнкү билдирүүсүндө, Гутеррештин Кипр маселесине бир чечим табуу үчүн сүйлөшүүлөрдү кайра баштоо үчүн таштала турган кадамдар үчүн «өтө спецификалык планы» болгонун жана кеңейтилген жолугушууну уюштуруу үчүн «аракеттин уланып жатканын» белгиледи


