Кара-Чолок айылындагы 42 үй-бүлө 20 жылдан бери жер статусуна байланыштуу үй сала албай келет, - дейт депутат
Turmush - Депутат Жылдыз Курманалиева Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин өкүлдөрүнөн сунушталып жаткан мыйзам долбоору Сузак районунун Кара-Чолок айылынын көп жылдардан бери жер тилкелерин каттай албай жаткан тургундарынын көйгөйүн чечүүгө жардам берер

Turmush - Депутат Жылдыз Курманалиева Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин өкүлдөрүнөн сунушталып жаткан мыйзам долбоору Сузак районунун Кара-Чолок айылынын көп жылдардан бери жер тилкелерин каттай албай жаткан тургундарынын көйгөйүн чечүүгө жардам берер-келбесин тактап берүүнү суранды Маселе Жогорку Кеңештин 4-июндагы жыйынында “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда кароодо көтөрүлдү Депутаттын айтымында, мыйзам долбоорунун мааниси жер амнистиясынын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана мурда ага кирбеген жер тилкелерин мыйзамдаштыруу болуп саналат Курманалиева Кара-Чолок айылынын 42 тургуну аны менен дайыма байланышып турганын; Алгачкы жылдары жарандар айыл өкмөттүн токтомунун негизинде жер тилкелерин алып, өз баасын толук төлөп, тиешелүү документтери бар болгон. Бирок, жер тилкелери трансформация процедурасынан өтө элек болгондуктан, бүгүнкү күнгө чейин алар турак жай курууну баштай албай жатышат Депутат буга чейин бул маселе боюнча кайрылуу жолдоп, жооп алганын, ага ылайык маселе жер мунапыс комиссиясында каралып жатканын айтты Ошол эле учурда жоопто эгерде жер мунапысынын алкагында маселе чечилбесе, анда Министрлер Кабинетинин 2024-жылдагы № 665 токтому менен бекитилген жоболорго ылайык жерди трансформациялоо процедурасы талап кылынары белгиленген «Бул мыйзам долбоору кабыл алынса, бул жарандардын маселеси чечилеби? — деп сурады депутат Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Тилек Жээнбаев жооп берүү үчүн аталган жер тилкелери боюнча материалдарды дагы иликтеп чыгуу керектигин айтты «Маалыматтарды жазып алып, бул маселени изилдейли, колдо болгон документтерди карап чыгабыз», - деди ал Андан соң депутат ведомство өкүлдөрүнө кошумча кароо үчүн конкреттүү жер тилкелери боюнча маалыматтарды берүүгө даяр экенин билдирди


