35 жаңы скважина жана 16 миллион евро инвестиция: Бишкекте суу инфраструктурасын модернизациялоонун экинчи этабы аяктады
Орто-Алыш суу алгычынын аймагында Швейцария Конфедерациясынын Өкмөтүнүн жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын колдоосу менен ишке ашырылып жаткан «Бишкек шаарынын суу менен камсыздоо жана канализация тутумдарын реабилитациялоо» долбоорунун экинчи фазасынын аяктагандыгына арналган иш-ч

Орто-Алыш суу алгычынын аймагында Швейцария Конфедерациясынын Өкмөтүнүн жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын колдоосу менен ишке ашырылып жаткан «Бишкек шаарынын суу менен камсыздоо жана канализация тутумдарын реабилитациялоо» долбоорунун экинчи фазасынын аяктагандыгына арналган иш-чара өттү. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, ЕРӨБ аймактык директору Айтен Рустемова жана Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Сирокко Мессерли катышты Айбек Жунушалиев өз сөзүндө 2022–2023-жылдары борбор калаа тургундарын ичүүчү суу менен камсыздоодо олуттуу көйгөйлөргө туш болгонун белгиледи. Анын айтымында, долбоордун алкагында ишке ашырылган иш-чаралар суу менен камсыздоо системасын олуттуу түрдө бекемдөөгө жана анын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берди Шаар мэри эл аралык өнөктөштөрдүн борбор калаанын инженердик инфраструктурасын өнүктүрүүгө кошкон салымынын маанилүүлүгүн белгилеп, Швейцария Конфедерациясынын Өкмөтүнө, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына, ошондой эле долбоордун бардык катышуучуларына аткарылган иштер үчүн өзгөчө ыраазычылык билдирип, биргелешкен күч-аракет менен Бишкек шаарынын тургундары үчүн реалдуу натыйжаларга жетишүүгө мүмкүн болгонун белгиледи Өз кезегинде ЕБРРдин аймактык директору Айтен Рустемова долбоордун экинчи фазасынын жыйынтыктарын жогору баалап, үчүнчү фазанын алкагында кызматташуу мындан ары да улана берерине ишеним билдирди. Ал ошондой эле жылуулук менен камсыздоо тармагында өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгилеп, коммуналдык инфраструктураны модернизациялоонун маанилүүлүгүн белгилеп, экологиялык абалды жакшыртууга багытталган долбоорлордун маанилүүлүгүн белгиледи Долбоорго инвестициянын жалпы көлөмү 16 миллион еврону түзүп, анын 8 миллион евросу кредит, 8 миллион евросу грант түрүндө берилген Долбоордун алкагында Орто-Алыш суу алгычында 35 жаңы скважина бургуланып, ишке киргизилди, узундугу 3,2 чакырым магистралдык суу түтүгү курулуп, 11 чакырым канализациялык коллектордун курулушу аяктады. Ичүүчү жана саркынды сууларды көзөмөлдөөнүн сапатын жогорулатуу үчүн заманбап лабораториялык жабдуулар менен камсыздалган Долбоорду эффективдүү башкаруунун аркасында Бишкектин түштүк бөлүгүнүн инженердик инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган гранттык каражаттардын 3,6 миллион евросун үнөмдөөгө мүмкүн болду. Натыйжада 2,6 километр суу проводу жана 4,9 километр канализация тармактары курулду Мындан тышкары, “Бишкексууканал” ишканасына 108 даана техника жана 4 даана адистештирилген техникалар алынган. Долбоор 2025-жылдын май айында аяктады. Өздөштүрүлгөн каражаттардын жалпы суммасы долбоордун жалпы бюджетинин 98 пайыздан ашыгын түздү, деп билдирет мэрия


