Түркияда 29 жаштагы өзбекстандык аял өз жанын кыйып каза болду
Түркияда 29 жаштагы өзбекстандык аял каза болгонун Өзбекстандын Стамбулдагы башкы консулдугу билдирди Консулдуктан билдиришкендей, аял 29-майда каза болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн. Консулдук Түркиянын тиешелүү органдары менен иш алып барууда жана аялдын сөөгүн мекенине алып келүүгө жана

Түркияда 29 жаштагы өзбекстандык аял каза болгонун Өзбекстандын Стамбулдагы башкы консулдугу билдирди Консулдуктан билдиришкендей, аял 29-майда каза болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн. Консулдук Түркиянын тиешелүү органдары менен иш алып барууда жана аялдын сөөгүн мекенине алып келүүгө жана башка консулдук жана юридикалык маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтүүдө Май айынын башында Түркиянын Сакария облусундагы алюминий заводунда кырсыктан 54 жаштагы Өзбекстандын жараны каза болгон. Анда Башкы консулдук процессуалдык жана консулдук маселелерди чечүү үчүн жергиликтүү укук коргоо органдары жана медициналык мекемелер менен иштешип, маркумдун сөөгү Өзбекстанга жөнөтүлгөн. Учурда эки факты боюнча тергөө иштери уланууда Буга чейин Түркияда белгисиз жагдайда каза болгон Өзбекстандын жараны Нодира Кодированын иши кайра иликтене турганы айтылган. Кодирова 2019-жылдын 23-сентябрында президент Режеп Тайып Эрдогандын Адилеттик жана өнүгүү партиясынын депутаты Ширин Үналдын Анкарадагы үйүндө жансыз денеси табылган. Бул иш алгач ок атуучу курал менен өзүн-өзү өлтүрүү катары квалификацияланган. Бирок, анын жакындарынын кысым жана коркутуулар боюнча дооматтарынан кийин каралмакчы


