Казакстанда Hilton жана Marriott деңгээлиндеги 25 мейманкана курулат
Өкмөт жыйынында сөз сүйлөп жатып, ал инвестиция тартуу өлкөнүн туризм тармагынын туруктуу өнүгүшүн камсыз кылууда жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууда маанилүү роль ойноорун белгиледи Иштелип чыккан инвестициялык долбоорлордун арасында 57 миллиард теңгеге Алматы облусундагы “Ой-Карагай”

Өкмөт жыйынында сөз сүйлөп жатып, ал инвестиция тартуу өлкөнүн туризм тармагынын туруктуу өнүгүшүн камсыз кылууда жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууда маанилүү роль ойноорун белгиледи Иштелип чыккан инвестициялык долбоорлордун арасында 57 миллиард теңгеге Алматы облусундагы “Ой-Карагай” тоо курорттору, 11 миллиард теңгеге Конаев атындагы спорттук оюн-зоок комплексиндеги “ASP Arena” жана 2 миллиард теңгеге чейинки PetroRetail PFS жол боюндагы тейлөө комплекси бар Ал 2027-жылга чейин Казакстанда эл аралык деңгээлдеги 25 мейманкана, анын ичинде 17,5 миллиард теңгеге Чымкентте Хилтон, 28 миллиард теңгеге Конаевде Марриот, 53,3 миллиард теңгеге Жибек Жолу эс алуу жана оюн-зоок комплекси пайдаланууга берилерин баса белгиледи Буга чейин ал туризмден 2025-жылы 630 миллиард теңге салык түшкөнүн билдирген. Чет элдик туристтердин чыгымы 2,9 миллиард долларга жеткен


